Айнек

Айнек, сырыч (Диван Лугат Ат-Түрк)– балкып эриген эритиндини өтө муздатуудан алынган катуу аморфтук орг.

эмес материал. Өнөр жайларда негизи 10 жана андан көп компоненттен турган системадан алынат. Алар бир нече түргө бөлүнөт. Силикаттык А. – негизги компоненти – SiO2. Минералдык к-талар, радиация, темп-ра (100оС чейин) таасирине туруктуу. Көп компоненттүү силикаттык А. негизи Na2O-CaO-SiO2 системасынан жана AI2O3, MgO кошундусунан турат. Курамы алынуу темп-расына жараша болот. Тыгзд. 2,2-2,8 г/см3, катуулугу (минералогиялык шкала б-ча) 4,5-7,5; темп-рага туруктуулугу 180-1000оС. Бораттык А. негизги компоненти B2O3. Na2O-B2O3-SiO2 жана Na2O-AI2O3-SiO2 системаларынын негизинде алынган бир силикаттык А. жогорку темп-рага туруктуу А. - пирекс кеңири колдонулат (жумшаруу t 820оC). К-танын таасирине турактуу. Фосфаттык А-тин негизги компоненти P2O5. Темп-ранын, HF таасирине туруктуу. Фторберилаттык А. - негизи MF-M2-AI2F3-BeF2 системасынан турат. M жана М щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары. Булар рентген жана g нурларынын, F2, HF – таасирине туруктуу. Халькогенид А. - негизи Ge-As-X,P-Ge-X, Ge-S-X, X-S, Se, Te системасынан турат. Жарым өткөргүчтүк касиетке ээ. А. формага келтирүү үчүн престөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц А.- 2000оС жогорку темп-рада жаратылыш кварцын же синтездик SiO2 электр мештеринде эритүүдөн алынат. Өнөр жай А-теринин жумшаруу темп-расы курамына жараша 400-600оС. А-тин курамына NiO, Fe2O3, Ag, Ce2O3 кошулса сары; Сr2O3, CuO, Pr2O3- жашыл; СuO, CoO-көк; NiO,Mn2O3,Nd2O3- кызгылт көк; CoO, MnO, Se, Er2O3- кызгылт; Fe2O3, FeS, Ti2O3, Bi2S3-күрөң; Au, Cu, CdS, CdSe (микрокристаллдары) – кызгылт, кызыл түскө ээ болот. А-тин курамында кээ бир өтмө металлдардын, сейрек жер металлдарынын, уран жана башка иондору болсо А. люминесценттүүлүккө ээ. Ал эми K2O-BaO-SiO2 системасынан жана Nd бирикмесинен турса, лазер үчүн активдүү материал болот. А. курулушта, түтүк даярдоо, медицина, хим. лаб., ядролук реакторлор, оптикалык приборлор, рентген түтүктөрүн, айнек-цемент, айнек-эмаль, глазурь өндүрүүдө колдонулат. Ар кандай тилдерде бул материалдын аталышы башка этимологиясы бар. Romance тили (Италия. Vetro, пт. Verre, испан. Vidrio, порт Vidro.) Латын аталышы (лат. Vitrum) улантат. Өзгөчө Slavic айнектин аты карызга Румын тили (Рим Sticlă.) Болуп саналат. Латын Vitrum да улуу-дан тyрyнөн келип чыккан. * K'woit- "жарык" (ага жана англис чейин. Ак).

Айнек
Айнек

Жазуулар

Колдонулган адабияттар

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КазакстанТабият кырсыктарыШилекей бездериАжал ордунаБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарЖылкыИнсанКыргызстан тарыхыМиграцияКаакым-кукумКыргыз улуттук оюндарыОлимпиялык оюндарСалтанат (көркөм тасма)МенингитБишкекАлай тоо кыркасыТелибай тентекБөлүкчөУнитардык мамлекетИманалиев Элмирбек КалиловичКелишимКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиВенераСтамов АсанбекСыдык уулу ОсмонаалыЮпитерКыргызстандын экологиялык көйгөйүОй жүгүртүүАмир ТемирБүркүтТоталитардык (төбөлдүк)Осмонкул БөлөбалаевЭлементтер мезгилдик системасыБоз үйдүн негизги жабдууларыСак уруусуАйЫсык-Көл облусуМал чарбасыСатираБруцеллёзСеметейАлгачкы коомMicrosoft PowerPointУбакытСиреньОсмон империясыСары-ЧелекИнтеграцияТөл сөзЛексикографияКыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыЧүйУлуу Ата-Мекендик согушКыргыз АССР Эл Комиссарлар Совети (ЭКС)ЕвропаТүрГепатит ААйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичМолдо КылычКол өнөрчүлүкХундарКыргыз элчиликтериЫсык-Көл облусунун табиятыЖарандык согушЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыТабигый ресурстар, жaратылышРысбай ИсаковКыргыз Республикасынын президенттериДүйшөнкул ШопоковУкукМуун (лингвистика)Түшүндүрмө мүчөЧүй өрөөнүКокон хандыгыКислоталар жана негиздерЛексикологияЗат атоочИррационалдык сан🡆 More