Айдаркен флюорит кени – Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктикте.
Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978-ж. запасын бекиткен. Таш-Көмүр системасынын москва ярусунун пыркаф жана толубай свиталарынын тоотектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап–сурьма руда тулкулары менен флюорит минералы байланышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Рудадагы флюориттин өлчөмү 16,57% түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары колдонсо болот. Флюориттин категориясы боюнча запасы С1–267 миң т, С2–270 миң т, 1997-жылга карата баланстагы запасы С1–261 миң т, С2–269 миң т.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Айдаркен флюорит кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.