«Кастанье» мрамор оникси кени - Нарын районунда, Нарын шаарынан 4–5 км батышта, АлаМышык тоосунун Түндүк капталында.
Кен аймагын карбон мезгилиндеги акиташ теги түзөт. Оникс карст процессинен пайда болгон Ала-Мышык үңкүрүндө жайгашкан. Үңкүр эңкейиштеп 163 мге созулат. Туурасы 4 мге, бийиктиги 2,5 мге жетет. Оозу кууш (0,7×1,5 м). Мында оникс жайгашуусу боюнча 3 түргө бөлүнөт: 1) калыңдыгы 20 ммге жеткен күрөң, ачык күрөң, жездей сары жана чокморлошкон ак кабатчалар. Блоктуулугу 25×20×20 см; 2) сталактит-сталагмит түрүндө үңкүрдүн оозунан 40 м ары кездешет. Жездей сары, күрөң, ак тегерекчелерден турат. Кальциттин аппак майда тарамчалары учурайт. Блоктуулугу 15×15×15 см; 3) кораллит түрүндөгүсү үңкүрдүн орто ченинен орун алган. Жара кескенде кочкул кызыл, күңүрт күрөң, күрөң, ак, жездей сары кооз тегерекчелерден турат. Блоктуулугу 10×5×5 см. Оникстин бардык түрү өтө кооз, жакшы сайкалданат. Запасы 20 м3. Зергердик кооз буюмдарды жасаса болот.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article «Кастанье» мрамор оникси кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.