Чарли Чаплин

Сэр Чарльз Спенсер “Чарли” Чаплин (англ.

Чаплинди дүйнөлүк атактуулукка алып келген "the Tramp" (кырг. Трамп) каарманы доошсуз киноиндустриясынын тарыхындагы эң беделдүү инсандарынын бири болуп саналат. Бала чагынан (Виктория доору) өлүмүнө (1977) бир жыл калганына чейин эмгектенген Чаплиндин көшөкөрлүк жана талаш жараткан чыгармачылык иши 75 жылга созулган.

Чарли Чаплин
Чарли Чаплин (1915).

Чаплиндин Лондондогу балалык кези жокчулук жана кедейчиликте өткөн. Атасыз чоңойгон Чаплин, апасы финансылык кыйынчылыктар менен күрөшкөнүнөн улам тогуз жашына чейин эки жолу жумушчулар үйүнө жиберилген. Чаплин 14 жашына келгенде апсы психиатрия ооруканасына жиберилген. Чаплин чыгармачылык ишине эрте баштап, ар кандай варьете сахналарына чыккан, кийинчирээк сахналык актер жана куудул катары иштеген. 19 жашында Чаплин Fred Karno компаниясы менен келишимге кол коюп Америкага кеткен. Киноиндустрия Чаплинди тандаган соң, ал 1914-жылы Keystone Studios киностудиясында иштеп баштаган. Чаплин кыска заман ичинде Трамп каарманын ойлоп табып, актердун күйөрмандар тобу түзүлө баштаган. Башынан өз тасмаларын жетектеген Чаплин, Essanay, Mutual жана First National корпорацияларда иштеп жүргөнүндө чеберчилик талантын өнүктүрүп жүргөн. 1918-жылга чейин эле Чаплин дүйнөнүн эң таанымал инсаны болгон.

1919-жылы Чаплин United Artists компаниянын кош-негиздөөчүсү болуп, өз тасмаларынын толук укуктуу көзөмөлү колуна түшкөн. Чаплиндин алгачкы толук метраждуу тасмалары: “Кичинекей бала” (англ. The Kid, 1921), “Париж шаарында турган аял” (англ. A Woman of Paris, 1923), "Алтын дүрбөлөңү" (англ. The Gold Rush, 1925) жана “Цирк” (англ. The Circus, 1928). 1930-жылдары Чаплин үндүү тасмаларга өтүүдөн баш тартып, анын ордуна маексиз “Шаар чырактары” (англ. City Lights, 1931) жана “Азыркы заман” (англ. Modern Times, 1936) тасмаларын чыгарган. Чаплин саясатка аралашып, Адольф Гитлер жөнүндөгү “Улуу диктатор” (англ. The Great Dictator, 1940) тасмасын тарткан. 1940-жылдары Чаплин үчүн талаштар дооруна айланып, режиссердун популярдуулугу бир кыйла азайган. Чаплиндин коммунизмди жактыргандыгы айыпка тартылып, аталык соттошууларда катышуусу жана өзүнөн жаш аялдар менен үй-бүлө куруусу чатак жараткан. Федералдык Чалгындоо Кызматынын тергөөсү башталып, Чаплин АКШдан кетүүгө мажбур калып Швейцарияга жайгашкан. Чаплин Трамп каарманын бир канча заман соң, “Мсье Верду” (англ. Monsieur Verdoux, 1947), “Рампа жарыгы” (англ. Limelight, 1952), “Король Нү-Йоркто” (англ. A King in New York, 1957) жана “Гонконгтук графиня” (англ. A Countess from Hong Kong, 1967) сыяктуу тасмаларда гана аткара алган.

Чаплин көптөгөн тасмаларынын жазуучусу, режиссеру, продюсери, редактору, башкы каарманы, жана музыкаларынын композитору болгон. Бардыгын мыкты жасаган жана финансылык жактан көз карандысыз болгон Чаплин тасма тартуу үчүн бир канча жыл коротчу. Чаплиндин тасмалары буффонада менен пафостун аралашмасы катары сүрөттөлөт, өзгөчө Трамптын оңтойсуз жагдайлары менен күрөшүүсүндө. Режиссердун тасмаларынын көбү коомдук, саясий жана ошондой эле өмүр баяндык элементтердин темаларды камтыйт. 1972-жылы Чаплин, эмгектерине ыраазычылык айтуу жаатында ардактуу “Оскар” сыйлыгына “ушул доордун тасма тартуусуна сан жеткис таасирлерди жаратуусуна” татыган. Чаплиндин “Алтын дүрбөлөңү” (англ. The Gold Rush), “Шаар чырактары”, “Азыркы заман” жана “Улуу диктатор” тасмалары азыркыга чейин жогору бааланат жана “Эч бир заманда болуп көрбөгөн эң мыкты тасмалар” тизмесинде табылат.

Өмүрү таржымалы

Чарлз Спенсер Чаплин 1889-жылы 16-апрелде Лондондо артисттин үй-бүлөсүндө туулган.Турмуш жолун театрда актер болуп иштөөдөн баштаган.Чарли Чаплин 1977-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ишмердүүлүгү

Кийин кинорежиссерлукка өтүп, 1915-жылы «Эс-Сеней» бирикмесинде тартылган 14 фильмде («Анын жаңы иши», «Чемпион», «Паркта», «Автомобилге түшүп качуу», «Кызмат», «Банк», «Сатылып кеткен киши», «Музыка үйүндөгү кече») жаңы ыкмаларды киргизүүгө жетишкен. Көп узабай «Лоун стер» («Жалгыз жылдыз») деген студияга өтүп, 12 фильмге тартылып, американын комедия жанрына бир топ ийгиликтерди алып келген.1917-жылы «Тынч кече», «Дарылануу», «Чет өлкөгө качкан киши» Укмуштарды издеген киши» деген чыгармалары экранга чыгат.Америкадагы бай көпөстөрдү ар кандай жолдор менен тымызын сындап, буржуазиялык коом эзип жаткан карапайым жумушчу адамдарга болгон боорукерлик көрсөтүлөт.Көбүнчө ал бай мырзалар кийүүчү кийим-кечелерди сындаган.

Аткарган ролдору

Режиссер фильмдеринин көбүндө комедиялык жана лирикалык мүнөздү айкалыштырган «кичине адамдын» образын түзүп, ал аркылуу кедейлик турмушту трагедиялуу баяндайт. «Париждик кыз» (1923), «Алтын азгырыгы» (1925), «Цирк» (1928) фильмдери дүйнөлүк комедиянын үлгүсү болсо, «Чоң шаардын оттору» (1931), "Азыркы заман", (1935) фильмдеринде жумушсуздук, «Улуу диктатордо» (1941) фашизмди ашкерелеген; «Месье Верду» (1947) фильми америкалык реакциячыл чөйрөлөрге жаккан эмес. Ошол эле мезгилде Чаплин бир куудулдун муңдуу тагдырын баяндаган «Цирктеги оттор» деген фильмин тарткан. Мында фильмдин башкы каарманы менен Чаплиндин жеке турмушу окшошуп турат.

1952-жылы автобиографиялык мүнөздөгү «Рампа оттору» фильмин коюп, акырында куугунтукталган Чаплин Голливудду таштап Швейцариянын Веве деген шаарына барып жашайт. 1957-жылы «Нью-Йорктогу король» деген фильмин тарткан.

Анын 1967-жылы чыккан «Гонконгдон келген мырзайым» деген комедиясы режиссерду журтчулукка кеңири таанытып, комедия жанрынын өсүшүнө өзүнүн зор салымын кошту.

Сыйлыктары

1954-жылы Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк Советинин чечими менен ага эл аралык сыйлык ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар

  • Артюхов О.Чарлз Чаплин//Экран.-29-95.-№9.-Б.14-15;
  • Чаплин Чарлз Спенсер // Кыргыз Совет Энциклопедиясы.-Ф., 1980.Т.6.-Б.,361.

Tags:

Чарли Чаплин Өмүрү таржымалыЧарли Чаплин ИшмердүүлүгүЧарли Чаплин Аткарган ролдоруЧарли Чаплин СыйлыктарыЧарли Чаплин Колдонулган адабияттарЧарли ЧаплинАнглис тили

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кокон хандыгынын мезгилиндеги Кыргызстандын социалдык - экономикалык абалыАтомУкраинаАтакенин ак болотуЖасалма интеллект деген эмне?Тянь-Шандын түндүк тизмегиБиринчи майМурунАпта күндөрүБаланы бешикке бөлөөБашкы баракЭссеМанасчыАк кеме (тасма)Кыргызстандын дары сууларыСүйлөм мүчөлөрүСаякбай КаралаевТатаал сөздөрМифТаанып-билүү теориясыКарышкырларЭлектр каршылыгыОш облусуКыргыз тилинин грамматикасыНасирдин БайтемировЭгемендүү Кыргыз РеспубликасыСабат ачууТоголок МолдоСүймөнкул ЧокморовФантастикаНасыяФизикалык чоңдуктардын бирдиктериМаданиятКыргыз тилинин тарыхыНарын облусуСийдик болуп чыгаруу органдарБоз үйдүн ички жасалгасыСенек жылдарТелибай тентекЖыйырма сегиз панфиловчуларИманалиев Элмирбек КалиловичТоктоболот АбдумомуновКыргыз оюм чийимдериАйыл чарбаны коллективдештирүүМинералдуу суулар (Кыргызстан)Курмангазы Сагырбай уулуДрамаКыргыз Республикасынын БаатырыКыргыз ашканасыМеталлЖусуп БаласагынФатима АбдаловаСынган кылычЭкономикаМанас (чоку)Качыбек Шералы уулуКыргыз киносуЭр ТабылдыПирамида (геометрияда)Комплекстүү бирикмелерТабигый чөйрө, жаратылыш чөйрөсүЖөндөмө категориясыКурманжан ДаткаТамак сиңирүү системасыКенгуру сымалдарАлгачкы коомТопурак эрозиясыКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүТилЦин империясыЖарым өткөргүчЖакшылыков АсанШах Фазил күмбөзүСан атоочСары-Челек биочөйрөлүк коругуСуу Чечек🡆 More