Рембрандт Харменс ван Рейн (1606, Лейден – 1669, Амстердам) – голландиялык живописчиси, графикчи Лейден университетинде (1620) азыраак окуп, Я.
ван Сваненбюрхтан (1620–23-ж. ченде), Амстердамда П. Ластмандан (1623) таалим алган. Р. 1625-ж. Лейденде өнөркана ачкан. 1631–32-ж. Амстердамда жашаган. Р. портреттеринде адамдын ыраңын, кийимин, асыл буюмдарды так берген. Тышкы патетика, барокконун динамикалуулугунан башка драматизмге жана демократия толгон образдарды чагылдырган реалисттик сүрөттөрдү (“Даная”, 1636, Эрмитаж, Ленинград), пейзаждарды (“Таш көпүрөлүү пейзаж”, 1638, Рейксмюсеум, Амстердам), гравюраларды (беретчен автопортрети, 1639) жараткан. 1642-ж. “Түнкү күзөт” деген голланд элинин эркиндик күрөшүн эске салган композициясынан улам Р-тын искусствосу менен демократиялык салттарын жоготкон буржуазиялык коомдун ортосунда келишпөөчүлүк пайда болот. Ушундан улам ага заказ берүү токтолот. 1640-жылдары анын чыгармаларындагы көтөрүңкү маанай жоголот. 1656-ж. чабал сүрөтчү катары бааланып, 1657–58-ж. бардык мүлкү аукцион аркылуу сатылат. Өзү өмүрүнүн акыркы жылдарын Амстердамдын еврей кварталында өткөрөт. Кийинки мезгилдеги сүрөттөрүндө (“Ассур, Аман жана Эсфирь”, 1660, А. С. Пушкин атындагы сүрөт музейи, Москва) изденүүлөрүнүн синтези чагылган жана анын кеңири, эркин живописи тереңдикке ээ болуп, жарык шаңы коллизияларды ачууну күчөтүүчү курал катары кызмат өтөйт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Рембрандт, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.