Үй эмгеги – үй чарбасында же үй чарбасы үчүн жасалган жумуш.
Эл аралык эмгек уюмунун (ЭЭУ) №189 Конвенциясынын «Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" 4-беренесинде ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясына жана ЭЭУнун балдар эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясына ылайык үй кызматкерлери үчүн эң төмөнкү курактык чекти белгилөө милдеттенмеси тууралуу айтылат.
ЭЭУнун "Үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө" конвенциянын кабыл алынышынын себептеринин бири - үй эмгегинин алигиче баркталбай, көз жаздымда калып, көбүнчө, кыз-келиндер тарабынан жасалып жаткандыгы. Бул кыз-келиндердин көпчүлүгү мигранттар же турмуш шарты начар коомчулуктардын мүчөлөрү. Алар эмгек жана жумуш менен камсыз болуу жаатында басмырлоого дуушар болушуп, адам укуктары бузулган жосундардын алдында алсыздык кылышат.
ЭЭУнун 2013-жыл боюнча берген маалыматына ылайык, жалпы үй кызматчыларынын 30% жаш балдар түзөт. Үй кызматчы катарында эмгектенген жаш жетелектердин саны жалпы жонунан 15,5 млн түзсө, алардын 6,5 млн. 5 жаштан 14 жашка чейинки балдар. Үй кызматчы балдардын 71% ашууну – кыздар.
Балдардын үй эмгегинин мыйзам чыгаруу алкагы. Кыргызстан 1992-жылы 31-мартта ЭЭУнун эң төмөнкү курак жөнүндө №138 конвенциясын жана 2004-жылы 10-майда балдардын эмгегинин эң начар формалары жөнүндө №182 конвенциясын ратификациялаган. ЭЭУнун үй кызматчыларынын татыктуу эмгеги жөнүндө №189 конвенциясы Кыргызстанда ратификацияланган эмес.
Кыргыз Республикасында балдардын эмгегине байланыштуу эл аралык конвенцияларды жүзөгө ашыруунун мыйзам чыгаруучулук негизин түптөгөн негизги укуктук-ченемдик актылар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында балдардын эмгегин пайдаланууну жана анын эң начар формаларын түп-тамырынан жоюу жаатындагы эл аралык стандарттар камтылат. Тактап айтканда: балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салуу, иштөөгө уруксат бериле турган балдардын эң төмөнкү курактык чеги (16 жаштан баштап жана белгилүү бир эмгектин түрлөрү үчүн ата-эненин уруксаты менен 14 жаштан баштап); жашы жетелектердин жумушунун узактыгы; тыюу салынган жумуштардын түрлөрү (алардын катарында зомбулук менен коштолгон, ден-соолукка зыян келтириши мүмкүн болгон жумуштар). Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында терминдер учур талабына ылайык туура колдонулгандыгына карабастан, алар дале жетишсиз, айрыкча, үй эмгегине байланыштуу маселелерди кароодо дароо байкалат (үй эмгегине тыюу салган чектерди белгилөөдө).
Кыргызстандагы балдар эмгегин изилдөө иштери КРнын Улуттук статистикалык комитети жана Эл аралык эмгек уюму тарабынан 2007- жана 2014- жж. жүргүзүлгөн. Үй оокатын жасаган балдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 2014-жылы 5,5% азайган. Үй оокатына аралашкан кыздар менен эркек балдардын гендердик теңсалмаксыздыгы эки изилдөөдө тең байкалган: 2007-жылы (эркек балдар 59,6%, ал эми кыздар 78,1% түзгөн) жана 2014-жылы (эркек балдар 55,5% жана кыздар 71,3%). Үй оокатына аралашкан бардык курактагы балдардын ичинен кыздар көптүк кылат (2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөө ишинде 5 жашка чейинки курактык топту кошпогондо).
2014-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында, үй эмгегин бөлүштүрүүдө мындай гендердик теңсалмаксыздык шаар жана айыл жергесинде да кездешери маалым болгон. Ушул жерден баса белгилей кетүүчү нерсе, шаардык кыздарга караганда айылдык кыздар үй эмгегине көбүрөөк жана эртерээк аралаша баштайт (6-13 курактык топто айылдык кыздар 74,2% жана шаардык кыздар 64,5%).
2014-жылы иштеген балдардын үстүнөн жүргүзүлгөн улуттук изилдөө ишинин натыйжалары боюнча, үй оокатына аралашкан балдардын саны чөлкөмдөр боюнча аябай жогору болгон (1-сүрөттү караңыз). Балдарды үй оокатына аралаштыруунун эң жогорку көрсөткүчү Нарын дубанына (73,2%) жана Ошко (71,0%) таандык болгон. Үй оокатына аралашкан балдардын эң аз көрсөткүчү Жалал-Абадда (57,3%) болгон.
Бардык эле чөлкөмдөрдө үй оокатына аралашкан балдардын арасында кыздар көптүк кылбайт. Алсак, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл дубандарында кыздар 7-8% көбүрөөк. Ал эми Нарын дубаны менен Бишкек шаарында үй оокатына эркек балдар көбүрөөк аралашат (3-5%).
Орто эсеп менен, 5-7 жаштагы балдар үй оокатын жасоого жумасына 10,0 саат бөлүшөт. Кыздар үй оокатын жасоого жумасына эркек балдарга салыштырмалуу 2,4 саатка көбүрөөк, ал эми 16-17 жаш курактык топто 4,5 саатка көбүрөөк убакыт бөлүшөт. Ушул жерден айта кетчү нерсе, балдар, көбүнесе кыздар жасаган үй оокатынын 0,4% балдардын ден-соолугуна коркунуч келтириши мүмкүн, себеби алар үйдө жумасына 36 сааттан көбүрөөк убакыт иштешет.
Жумасына 12 сааттан көбүрөөк иштеген балдардын ичинен эркектерге (38,9%) караганда кыздар (24,2%) 1,5 эсеге көбүрөөк. Мындай көрүнүш бардык курактык топторго мүнөздүү.
Мектепке барган балдардын көпчүлүгү (62,1%) үй оокатын мектептен келгенден кийин жасашат, 27,2% - мектепке чейин жана кийин жана аз сандагы балдар (4,9%) мектепке чейин. Сабакка барбай үй оокатын жасаган балдар да аныкталды (1% чейин). Бул көрсөткүч боюнча курагына жана жынысына жараша статистикалык мааниге ээ айырмачылыктар байкалган жок.
Кыздар менен эркек балдардын ортосунда үй оокатынын түрлөрүн жасоодо чоң гендердик айырма бар. Ушул айырмачылыктардын негизинде үй оокаты эркек балдар менен кыздардын ортосунда салттуу гендердик үлгүлөр боюнча бөлүштүрүлө тургандыгы даана байкалат:
Үй жумуштарын жасоодо гендердик айырмачылыктар шаардык да, айылдык да балдардын ортосунда бар, бирок айылдыктарда даана көрүнөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Үй эмгеги, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.