Ислам
Ислам динине байланыштуу макалалар Ислам тарыхы |
Ыйман |
Келме • Периштелер • Ыйык китептер • Пайгамбарлар • Акырет • Тагдыр |
Ислам негиздери |
Китептери жана мыйзамдары |
Тарых жана ислам өкүлдөрү |
Мухаммед пайгамбар (﴾ﷺ﴿) • |
Мусулман түшүнүктөрү |
Коомдогу орду |
Ислам таануу • Илим |
Кошумча караңыз |
Ислам порталы • Глоссарий |
Ыйман сөздүк маанисинде (إيمان) иймаан деген – ишенүү – дегенди билдирет. Бир уңгудан чыккан сөздөр (أمن) “амн” аманатчылык, бейкуттук; (أمين) “амиин” чынчыл, ишенүүгө татыктуу адам; (أمانة) “амаана” аманат. Демек “Ыйман” деген сөздүн мааниси ишенүү, аманатка бекем болуу дегенди камтыйт.
Ыйман деп – тил менен айтуу, жүрөк менен бекем ишенүү, дене мүчөлөрү менен амал кылуу.
Ыймандын жетимиштен ашык бутагы бар. Алардын эң жогоркусу - «Ла илаха иллаЛлах» сөзүн айтуу, эң төмөнкүсү - жолдон адамдарга зыян тийгизүүчү нерселерди алып таштоо, ошондой эле уялуу да – ыймандын бир бутагы.
1)Аллахка ыйман келтирүү; 2)Периштелерине ыйман келтирүү; 3)Китептерине ыйман келтирүү; 4)Элчилерине ыйман келтирүү; 5)Акырет күнүнө ыйман келтирүү; 6)Тагдырга, анын жакшылыгы менен жамандыгына ыйман келтирүү.
Ушул алты түркүккө далил - Аллах Тааланын сөздөрү:
Жакшылык бир гана жүздөрүңөрдү чыгыш менен батышка каратууңарда эмес, бирок (нагыз) жакшылык – ким Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирсе... (Куран, Бакара 2:177)
Тагдырга ыйман келтирүүнүн далили - Аллах Тааланын сөздөрү: «Ырасында, биз ар бир нерсени тагдыр (өлчөм) менен жараттык» (Куран, Камар 54:49)
Сүннөттөн далил болсо Жебреилдин узун белгилүү хадисинде келтерилген.
Ыйман жакшы, сооп иштерди кылуу менен күчөёт, жаман, күнөө иштерди кылуу менен азаят.
Ыймандын осушуно далил Аллахтын бул сөздөрү: “Чынында, ыймандуу адамдарга Аллаhты эскертилгенде, жүрөктөрү коркууга түшүп, аяттары окулганда ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт. Жана алар Раббисине гана тобокел кылышат.” (Куран, Анфаль 8:2) Ыймандын өсүшү жана азайышынын далилдерин бул макаладан кененирээк окуй аласыз.
Дининин мартабаларына келсек алгач адам Исламды кабыл кылат, кийин ыйманы күчөгөндө экинчи мартабасы Ыйманга келет, анан гана үчүнчүсү Ихсан даражасына чыгат.
Эгер Ислам-Ыйман эгер экөө бир айтылса - Ислам деп көбүнчө мусулман адамдын дене мүчөлөрү менен аткарчу сырткы амалдарды айтабыз (намаз, орозо, зекет, ажылык); ал эми ыйман деп жүрөк менен ичтен аткарылчу амалдарды айтабыз (Аллахка, Акыретке, Анын периштелерин ж.б. ишенүү).
Эгер экөө эки бөлөк айтылса анда Ислам менен Ыймандын мааниси чогу түшүнүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Ыйман, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.