Термелүү контуру – индуктивдүүлүк катушкасы жана конденсатордон турган электр чынжыры.
Термелүү контурунда электр термелүүсү пайда болот жана анын мезгили Томсон формуласы менен аныкталат: 2n-JbC . Мында, С - конденсатордун сыйымдуулугу, L - катушканын индуктивдүүлүгү. Термелүү контуру сызыктуу жана сызыктуу эмес болуп бөлүнөт Термелүү контуру – электр осциллятору, радиотехникалык системалардын негизги элементтеринин бири. Өзгөчө 50 кГц-300 МГц жыштык диапазонунда радиотехникалык түзүлүштөрдүн резонанстык системасы катары колдонулат. Кыйла жогорку жыштыктарда Термелүү контурунун милдетин эки зымдуу жана коаксиалдык берүү линиясынын кесиндиси, ошондой эле көлөмдүк резонатор жана ачык резонатор аткарат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Термелүү контуру, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.