Тарых илимдеринин кандидаты - илимий даража.
Кыргыз Республикасында бул наам совет доорунан бери ыйгарылып келет.
Тарых илимдери боюнча кандидаттык окумуштуу даража алуу үчүн атайын илимий диссертация жазуу талап кылынат.
Бул диссертация тарых илимдери боюнча окумуштуу кеңешинде корголгон соң, КР Жогорку аттестация комиссиясына (мурдагы КР Улуттук аттестация комиссиясына) жиберилет.
Адистик териштирүүдөн соң бир нече айдын ичинде талапкерге кандидаттык даража ыйгарылышы ыктымал.
Диссертациянын деңгээли төмөн болсо, аны четке каккан учурлар да жок эмес.
Бул окумуштуулук даражадан соң илим талапкери тарых илимдеринин доктору даражасын алуу үчүн изденип, кезектеги диссертацияны жазып, коргой алат.
Чет мамлекеттерде жакталган доктордук диссертациялар Кыргызстанда кээде "тарых илимдеринин кандидаты" даражасы үчүн жазылган диссертацияларга теңелип жүрөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Тарых илимдеринин кандидаты, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.