Сибирь кулгунасы, сибирь жарасы - жаныбарлар менен адамдын жугуштуу оорусу.
Козгогучу Bacillus anthracis бир нече жыл топуракта жашоого жөндөмдүү жана 1 с кайнатканга чыдайт. Адам Сибирь кулгунасын ылаң малды бакканда, сойгондо, анын этин тамак-ашка пайдаланганда, топурак жана суу аркылуу жуктуруп алат.
Сибирь кулгунасы көбүнчө териден, азыраак ичеги жана өпкөдөн кармайт. Териден кармаган формасында оору козгогуч айрылган тери, ошондой эле курт- кумурска (көгөөн, ылаа ж. б.) чаккан жер аркылуу кирин, анда Кызыл так пайда болот да, ыйлаакчага, ириндеп жарага айланат. Дене ысып, баш ооруйт, шай кетет.
Ичегиден жана өпкөдөн кармаганда адам 2-4 кун ичинде каза болот.
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Сибирь кулгунасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.