Орозов Шейше (1912, Талды-Суу өндүрү, азыркы Түп району—1959, Бишкек ш.,) — дирижёр.
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1939). Кыргыздын туңгуч дирижёру.
1927— 29-ж. Бишкек шаарында музыкалык драма студиясында окуп жана иштеген.
1933— 36-ж. Кыргыз музыкалык драма театрында актёр, директорунун орун басары.
1936—38-ж. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын директору, эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана дирижёру, музыкант, музыка сабагы боюнча окутуучу.
1940—45-ж. жана 1950—59-ж. Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик филармониянын улуттук студиясында дирижёрлук класс боюнча окуп, 1948—50-ж. эл аспаптар оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру болуп иштеген.
Орозов «Музыкалык сабат» (1950) аттуу кыргыз тилинде музыка боюнча жазылган биринчи окуу китептин автору. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Орозов, Шейше, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.