Монография (грек.
Мисалы, К. Бобуловдун «Кыргыз прозасындагы реализмдин өнүгүү жолдору», К. Артыкбаевдин «Изденүүлөр жана табылгалар» (А. Токомбаевдин чыгармачылыгы тууралуу), Ш. Үмөталиевдин «Аалы Токомбаев», Б. Керимжанованын «Акындын чыгармачылык жолу» (Ж. Бөкөнбаев жөнүндө) деген китептери монографияга кирет.
Монография – илимий эмгектин, изилдөөнүн бир түрү. Монографияда белгилүү бир тема же көйгөй (көптөгөн темалар, көйгөй эмес) ар тарабынан каралып толук изилдөөгө алынат. Монографияда объектиге алынган тема боюнча буга чейин жазылган адабияттар талдоого алынат жана жалпыланат, жаңы илимий гипотезалар жана корутундулар жасалат. Монография кеңири библиографиялык тизме жана эскертүүлөр менен коштолот. Кыргызстанда илимий монография биринчи жолу 1930-жылдарда жаралган. Тил илими боюнча кыргыз тилиндеги «Кыргыз тилинин морфологиясы» деп аталган туңгуч "Монографиянын" автору – Касым Тыныстанов.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004 Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Монография, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.