Момун Шамурзак уулу, Абдымомун– 1873–74-ж.
Кокон хандыгына каршы чыккан көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири.
Кокон ордосундагы беделдүү, таасирдүү инсан болгон.
Өз мезгилинде Алымкулдун жардамы менен «аталык» даражасына жеткен.
1865-ж. Ташкен Россияга каратылгандан кийин ал Кудаярдын кызматына кирүүдөн баш тартып, курама элинде жашап турган.
Ал Полот хандын башкы кеңешчиси жана кол башчысы катары олуттуу роль ойногон.
1875-ж. октябрда Полот хан Коконду ээлеп, кыска мөөнөттө хандык жүргүзгөн мезгилде, Абдымомун бир катар кыргыз бийлери менен бирге Полот хандын жакын жан жөкөрү жана пикирдеши болгон.
Полот хан администрация башкарууда Абдымомунга ишеним көрсөтүп, өзүнүн 1-наиби жана кол башчысы кылып дайындаган.
1876-ж. 8-февралда Кокон шаар Скобелев тарабынан каратылганда, бир кезекте көтөрүлүшкө жетекчилик кылууга Исхакка жолдомо берип, далай эрдик көрсөткөн курамалык кыргыз Абдымомун да туткундалган.
Абдымомун, Батыр төрө баштаган көтөрүлүштүн жетекчилери март-апрель айларында Кожентке, андан ары Ташкенге айдалган.
Момундун андан аркы тагдыры белгисиз.
Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы -Б.,2003
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Момун Шамурзак уулу, Абдымомун, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.