Мехтари музыкасы (перс.
мехтар - аспапчы усгат) – Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө байыртан кеңири кезиккен аскер оркестрдин Түркиядагы аталышы.
Мехтари музыкасы 13- 14-кылымдарда алгач Рум султанатында, андан кийин Осмон падышалыгында калыптанып, өнүгүп-өскөн.
Түрк жоокерлеринин Европага жасаган жортуулдары учурунда ал континенттин өлкөлөрүнө өз таасирин таратып, бүгүнкү аскер музыканын жана аскер оркестрдин калыптанышын шарттаган.
Мехтари музыкасы аткарган аскердик оркестрдин курамына добул, керней, сурнай, сыбызгы, жез табактар ж. б. үйлөмө музыкалык аспаптар кирген.
Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Мехтари музыкасы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.