Курманбек Ниязбеков

Курманбек Ниязбеков Махаммаджанович - 1989-жылы 4-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Өрүктү-Сай айылында төрөлгөн.

Атасы Ниязбеков Махаммаджан, апасы Алимбекова Мариям, дыйкан чарба менен алектенишет. Үй-бүлөдө 6 биртуугандын улуусу.

Билими:

- 1996-жылы Өрүктү-Сай айылынын Ж.Бешимов атындагы №18-орто мектебине 1-класска кабыл алынып, 2007-жылы бүтүргөн.

- 2007-2008-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинде 1 жыл немец тилин өздөштүргөн.

- 2009-2013-жылдары Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын «Актёрдук искусство» адистиги боюнча «Театрдын жана кинонун актёру» кесибине ээ болгон (устаты Кыргыз эл артисти Замир Сооронбаев);

- 2013-2017-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Режиссура» бөлүмүндө билимин жогорулатып, «Драмалык театрдын режиссёру, педагог» адистигин ийгиликтүү аяктаган (устаты КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров).

Эмгек жолу:

2008-жылы студент кезде «Кыял» улуттук көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде «Кийизден бут кийим жасоочу чебер» катары иштөөдөн эмгек жолу башталган.

2012-2013-жылдары окуу менен айкалыштыруунун негизинде Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында костюмер;

2012-2013-жылдары Манас жаңырыгы телеканалынын «Таңкы шоола» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2013-2020-жылдары А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында актёр;

2014-жылы Санат телеканалынын «Театр жана тасма тагдыры» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2016-2019-жылдары КТРК Баластан каналындагы «Таалимтай» телеберүүсүнүн актёру;

2017-2019-жылдары Пирамида телеканалынын «Таңкы тамаша» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2019-2022-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Актёрдук чеберчилик» сабагы боюнча окутуучу;

2019-2022-жылдары КТРКнын «АБАЗ» телеберүүсүнүн алып баруучусу;

2020-2021-жылдары А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси кызматын аркалаган;

2022-жылы Кыргыз улуттук «Манас» театрынын режиссер-коюучусу;

2022-жылы 7-каналда кабарчы, алып баруучу, диктор, ошондой эле «Тамсил түрмөгү», «Поэзия поезди», «Моно-премьера» берүүлөрүнүн автору;

2022-жылдын ноябрь айынан тарта Маданият министринин чечимине ылайык Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын көркөм жетекчиси болуп иштөөдө.

Токтоболот Абдумомунов атындагы театр окуу жайында ойногон ролдору:

·  Дили кара – «Айкөлдүн аманаты» автору: Т.Актан, реж: З.Сооронбаев;

·  Абыл – «Адам жана азезил» автору: Ж.Садыков, реж: М.Козукеев;

·  Искендер – «Төрт адам» автору: М.Байжиев, реж: З.Сооронбаев.


Театрда жараткан ролдору:

·  А.Грибоедов - «Акылдан азап» спектакли - Загорецский (реж: Т.Захарова - 2013);

·  «Играем Андерсена» спектакли - Үндүк (реж Б.Парманов - 2013);

·  «Очень  простая история» спектакли - Короз (реж: Б.Парманов - 2014);

·  Дзюнздю Киносита - «Каркыранын канаты» спектаклинде – Ундзу (2014-ж);

·  «Сыйкырдуу тарсылдак» жомогу - Түлкү (реж: Б.Парманов - 2014-ж);

·  «Сапарда» драм концерти - Актер (реж: Б.Парманов - 2015-ж);

·  «Новогодние детективы» жомогу - Винни-пух  (реж: Р.Орозакунов - 2018-ж);

·  А.П.Чехов - «Алчалуу бак» спектакли - Б.Б.Пищик (реж: Т.Захарова - 2019-ж).

Режиссёрлук эмгектери:

·  Дипломдук иш - «Өлтүрчү, мени Кымбатым» автор: Азиз Несин (Бишкек драм - 2017);

·  Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин «Ырперия» чыгармачылык кечеси (Филармония- 2018);

·  «Акын Табылды Мукановду эскерүү кече» (Филармония - 2018);

·  Нооруз майрамдык иш чара (Ала-Тоо аянты- 2018);

·  «Уурдалган тоок» жана «Адам бол» соттук спектакли (Туңгуч театры - 2018);

·  «Ак илбирсти сактап калалы» моно-спектакль (Көчмөндөр оюну, Кырчын - 2018);

·  Акындар: Максат Жангазиев, Умар Нусубалиев, Мырзайым Айтимбетовалардын «Поэзия поезди» аттуу поэзия кечеси (Филармония- 2019);

· Обончу-аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун «Сезимдеги аккорддор» (Кыргыз драма театры - 2019) жана “Сүйүү гаммасы” концерти (Филармония - 2022);

· «Сыйкырдуу так» жомогу (Баткен театры - 2019);

·  «Атадан калган туяк» спектакли (Баткен театры - 2020);

·  Ч.Айтматовдун чыгармаларынан куралган «Айтматов ааламы» композициялык спектакли (Баткен театры - 2020);

· Кыргыз эл артисти Арзыбек Бедияровдун “Арзуумду жаздым ыр кылып” аттуу 70 жаш юбилейлик концерти (Филармония - 2022);

· Кыргыз улуттук «Манас» театрынын алгачкы концерти (Кыргыз драма театры - 2022);

· «Жаңы жылга карата, жагымдуу ыр тамаша» концерти (Жалал-Абад филармониясы - 2022);

· Жалал-Абад шаарынын Нооруз майрамы (борбордук Эркиндик аянты - 2023);

· «Кыйылган өмүр» мини спектакли (Барпы театры - 2023);

· Сузак районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Чаткал районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Ала-Бука районунун Ыр кесеси (УТРКнын долбоору - 2023);

· Көк-Жаңгак шаарынын 80 жылдыгы (Көк-Жаңгак ш - 2023);

· Айры-Там аймагынын 70 жылдыгы (Ала-Бука р – 2023);

· Жалал-Абад филармониянын “Улут уңгусу” концерти (Кыргыз драма театры – Бишкек - 2023);

· Ч.Айтматовдун чыгармалар топтому “Айтматов ааламы” композициялык спектакль (Жалал-Абад шаарддык сотунун кызматкерлери менен – 2023).

Тасма талаасында:

Ж.Б.Мольер «Сарданапал» кыска метраждуу фильминде «Дон Жуан» (реж: Т.Сарыбаев); «Эненин каты» кыска метраждуу тасмасында «Бала» (реж: Мансур-Бек Канназар); Ызы-чуу кинокомедиясында «Күйөө», «Маскарапоз» кинокомедиясында «Милиця» (реж: З.Жашасын), «Мекен» тасмасында сот-чиновник, адвокат (реж: Медер Жалилов).

Алып баруучу болгон мамлекеттик ири иш чаралар:

·  «Салттуу музыка жумалыгы» жана «Достук» фестивалы (Баткен - 2021);

·  Мамлекеттик ишмер Төрөгелди Балтагуловдун 100 жылдыгы (Ала-Бука - 2021);

·  Тоо театрларынын I фестивалы (Алай - 2021);

·  Санжыралуу Ноорузум концерти (Жалал-Абад ш - 2023).

Жетишкен ийгиликтери жана ведомстволук, мамлекеттик сыйлыктары:

· Бишкек жазы студенттик фестивалында «Мыкты тамсил айтуучу» (2013-ж);

· Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2017-ж);

· Асанбек Кыдырназаров атындагы Эргүү сыйлыгы (2020-ж); 

· А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын Ардак грамотасы (2020-ж);

· КРнын Баткен облустук Куралдуу күчтөрүнүн Ардак грамотасы (2021-ж);

· Алмас Сарлыкбеков атындагы республикалык сыйлык (2021-ж);

· Жалал-Абад облустук прокуратурасынын Ыраазычылык каты (2023-ж);

· Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Ыраазычылык каты (2023-ж).  

· Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы (2023-ж);

· Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын Ыраазычылык каты (2023-ж).

· Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси (2023-ж).

· Жалал-Абад шаардык сотунун Ыраазычылык каты (2023-ж).


Үй-бүлөлүү, өмүрлүк жары Айтимбетова Мырзайым, акын-импровизатор. Бир уул, бир кыздын атасы.

Булактар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Кеп этикетиАялдардын улуттук баш кийимдериАтоочтук түрмөкКыргыз аттарыАк кеме (тасма)Күкүрт кислотасыГеографиялык кабык“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясыАкулаДекларация (жарнак)Коёндор жапайыРепортажБойлош уулу АрстанбекАнимацияХронологияЖусуп МамайБайчечекейОномастикаМамлекеттик чек араТамак сиңирүүШайлоо системасыКемтик сүйлөмУлуу БританияКан тамырларАдам укуктарыУчкул сөздөрБайтик баатырЖамийла (повесть)Аба ырайыУкраинаИлимПирамида (геометрияда)Кокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыТөлөгөн КасымбековIP-дарекФразеологизмБалдарды коргоонун эл аралык күнүӨзгөрмө токБугу (уруу)Мамлекеттик тилАжар (повесть)Тоголок Молдонун чыгармаларыИнтернетНарын облусуЖерМамлекетЫсык-Көл облусуВирусОперациялык системаАтом ядросуТрайбализмСак уруусуМолдо КылычФранция«Манасчылар»Кыргыз мамлекетиТүндүк Кыргызстандын Россия менен элчилик алакаларыКыргыз мөңгүлөрүКумурскаМакалаБакайWi-FiСөзАйтматов Чыңгыз ТөрөкуловичУсубалиев Турдакун УсубалиевичМарт окуясы (2005)Нүзүп бий Эсенбай уулуМолдо НиязИбраев, ЭсенгулАдеп тарбиясыЯдро (биология)Солтоноев Белек Солтонкелди уулуБайламталарКалкынын саны боюнча мамлекеттердин тизмесиАндронов маданияты606🡆 More