Калдыксыз технология - өндүрүш таштандыларын иштетип, керектүү затты же анын бөлүктөрүн өндүрүүну камсыз кылган технологиялык процесс.
Ал элдин керектөөсүн канааттандыруу үчүн табият ресурстары менен энергияны өтө үнөмдүү, сарамжалдуу пайдаланууну, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу билимди, ыкмаларды жана каражаттарды талап кылат. Бул болсо таштандыны аз өлчөмдө же такыр чыгарбаган зат менен камсыз кылуучу жалпы эле өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык стратегиясы болуп саналат. Өнөр жай экологиясына сунуш кылынган бул үлгү табият экосистемасын элестетиши керек. Бул идея япон экологдору тарабынан экосистемалардын туюк циклдуу өнүгүү этаптарын чагылдырган оригиналдуу схема түрүндө көрсөтүлгөн. Калдыксыз технология төмөнкүлөрдү камсыз кылуусу зарыл: сырьёну, энергияны үнөмдөө жана айлана-чөйрөну булгоо деңгээлин төмөндөтүү үчүн пайдаланылган материалдык ресурстарды кайра иштетүү жана башка.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Калдыксыз технология, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.