Акын, фольклорчу, журналист Асанбай Жусупбеков Аксы районунун Кара-Суу кыштагында 1944-жылы 24-июнда туулган.
Жусупбеков Асанбай | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Асанбай Жусупбеков |
Туулган жылы: | 1944-жылы 24-июнь |
Туулган жери: | Кара Суу айылы, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргызстан |
Өлкө: | Кыргызстан |
Ишмердүүлүгү: | акын, журналист |
Учурдагы кызматы: | Коомдук ишмер |
Таш-Көмүр шаарындагы № 3 орто мектебинен орто билим алган.
1963–1967-жж. Балтика Аскер-Деңиз флотунда аскердик кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1967–1968-жж. Таш-Көмүр шаарынын «Северная» шахтасында иштөө менен баштаган.
1968–1973-жж. ССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде окуган.
1973–1974-жж. Жаңы-Жол районунун Успеновка орто мектебинде мугалим, 1974–1991-жж.
Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынын окутуучусу,
Кыргыз тили жана адабияты секциясынын төрагасы болгон.
1991-жылдын 11-апрелинде Жалал-Абад облусу жаңыдан уюшулганда,
облустук «Акыйкат жарчысы» гезитинин адабият жана каттар бөлүмүнүн башчысы,
1992–1993-жж. «Кыргыз тил» коомунун жооптуу катчысы, 1993–1997-жж. облустук маданият башкармасында фольклор жыйноочу,
1997–2001-жж. облустук Эл чыгармачылыгы борборунда жетектөөчү адис,
2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрагасы,
Жеңижок коомдук фондусунун директору болуп иштеп келет.
Ал улуу акын Жеңижоктун ырларын чогултуп, китеп кылып чыгарып, мектепке,
көчөлөргө Жеңижоктун ысымын койдуруп, Үй музейин салдырып, бейитине эстелигин койдуруп,
мааракелерин өткөрүүнүн демилгечиси.Ошондой эле «Курманбек» эпосун жазып чыккан
жана баатырдын 500 жылдык мааракесин республикалык деңгээлде өткөрүү маселесин биринчи болуп көтөргөн.
Токтогул, Жеңижок, Коргол, Барпы, Алтымыш Мундузбаев, Кади Сатиев,
Качкынбек Атышев ж.б. акындардын ырларын жыйнап, «Элдик казына» китебине кийирип,
1-томун Жалал-Абад шаарынан чыгарган. «Жеңижок», «Таирбек төкмө», «Токтосун»,
«Курманбек», «Жеңижок-2», китептерин түзгөн.
Ал 1966-жылы «1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишине жыйырма жыл» медалын
жана 1987-жылы «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги» төш белгисин,
1995-жылы «Манас-1000» юбилейлик медалын, 1995-жылы Кыргыз Республикасынын
Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин алган.
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасын,
2005-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Кыргыз тили
жана адабияты институтунун Ардак грамотасын алган жана 2005-жылы “Аксы районунун ардактуу атуулу”,
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамдарына ээ болгон.
1991-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жусупбеков Асанбай, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.