Де-факто (лат.
Мамлекетти же өкмөттү расмий таануунун формаларынын бири.
Юридикалык аспектилерге карата де-юреге (юридикалык) карама-каршы катары колдонулат. Бул контекстте де-факто – белгиленген тартипти, укуктук нормаларга же укуктук умтулууларга карабастан пайда болгон кырдаалды билдирет. Мисалы, экономика тармагында расмий түрдө бекитилгендей экономиканын белгилүү бир тармагында колдонулуучу белгилүү (де-факто) стандарттар болушу мүмкүн, бирок юридикалык жактан андай эмес.
Саясат таануу де-факто реалдуу саясий кырдаалды сүрөттөйт. Көбүнчө мамлекет же өкмөт тарабынан фактынын юридикалык жактан туура экендигин тактабастан, убактылуу, шарттуу түрдө таанууну билдирет. Чет мамлекеттер тарабынан таанылбаганы менен мамлекеттик төңкөрүш болгондон кийин де-факто өкмөт же режим түзүлүшү мүмкүн. Таануунун бул формасы менен эл аралык мамилелерди сактоого, келишимдерди түзүүгө жана өкүлчүлүктүү сапарларды жасоого болот. Эгерде де-факто мамлекет гана таанылса, мындай мамлекет менен дипломатиялык мамиле атайын өкүлдөр аркылуу жүргүзүлөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Де-факто, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.