Аманулла-хан (1892-1960) - ооган королу (1919-29).
Улуу Британияга каршы Аманулла-хан башында турган ооган элинин боштондук күрөшү ийгиликке жетишип, 1919-ж. 28-февралда Ооганстан көз каранды эмес мамлекет катары жарыяланган. 1919-ж. РСФСР менен достук келишимин, 1926-ж. бейтараптык жана өз ара кол салышпоо жөнүндө СССР менен келишим түзгөн. Аманулла-хандын реформалары улуттук экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүгө жана мамлекеттин көзкаранды эместигин бекемдөөгө багытталган. Анын тушунда кулчулукка каршы, балакатка жетпей никелешүүгө, ошондой эле калың төлөп, аял алууга ж. б. тыюу салган мыйзамдар кабыл алынган. Көптөгөн жаш оогандыктар билим алууга мамлекет тарабынан Европага жана Түркияга жиберилген. 1923-ж. Ооганстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынган. 1928-29-ж. Ооганстанда Аманулла-хандын реформаларына нааразы болгон мусулман дин башчылары козголоң уюштуруп, Аманулла-хан чет жерге качууга аргасыз болгон. Цюрихте (Швейцария) дүйнөдөн кайтып, сөөгү Желалабадга (Ооганстан) коюлган.
Аманулла-хан фарс. شاه امانالله خان | |||
| |||
---|---|---|---|
28-февраль 1919 — 9-июнь 1926 | |||
Андан мурунку: | Насрулла хан | ||
Андан кийинки: | наамы жоюлган | ||
| |||
9-июнь 1926 — 14-январь 1929 | |||
Андан мурунку: | наамы белгиленген | ||
Андан кийинки: | Инаятулла хан | ||
Дини: | Ислам | ||
Туулган жылы: | 1-июнь 1892 | ||
Туулган жери: | Пагман, Ооганстан Эмирлиги | ||
Каза болгон жылы: | 25-апрель 1960 | ||
Каза болгон жери: | Цюрих, Швейцария | ||
Мүрзөсүнүн орду: | Кабул | ||
Уруусу: | Баракзай династиясы | ||
Атасы: | Хабибулла хан | ||
Балдары: | 4 уул, 5 кыз | ||
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аманулла-хан, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.