Аба (физика) Жердин атмосферасын түзгөн газдардын аралашмасы.
Аба суудан 400 эсе жеңил. Кургак абанын 78,08%ин азот (N2), 20,95%ин кычкылтек (О2), 0,94%ин инерттик газдар жана суутек, 0,03%ин көмүр кычкыл газы (СО), аз өлчөмдө озон (О3), аммиак (NH3), метан (CH4), күкүрттүү газ (SO2) ж. б. ээлейт.
Орточо молекулалык массасы - 29 а.б. (атом бирдигине) барабар, 0˚С де абанын басымы деңиз деңгээлинде 101325 Па (1 атм же 760 сым. мам. мм) болуп нормалдуу абалды түзөт. Бул абалда 1 л абанын массасы 1,2928 г; суюк абалында кайноо температурасы 83 К. Сынуу көрсөткүчү - 1,00029; критикалык температурасы - 140,7˚С, критикалык басымы - 3,7 МН/м2; диэлектрдик өткөрүмдүүлүгү - 1,000059. Абада азоттун, кычкылтектин жана инерттүү газдардын концентрациясы туруктуу. Көмүр кычкыл газы, азот кычкылдарынын, күкүрттүү газдардын концентрациясы шартка жараша өзгөрүп турат. Абанын жылуулук сыйымдуулугу, илээшкектиги жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү басымга жана температурага көзкаранды.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Аба (физика), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.