Periscope — бул приложения Android жана iOS үчүн ,күнүмдүк жашооңду видео аркылуу түз агылтуучу (жеткерүүчү) программасы.
Сервис 2015 жылдын 26 мартынан тартып азыркы күнгө чейин иштөөдө
Periscope | |
Тип | Видео системасын социалдык тармагы |
---|---|
Түзүүчү | |
Операциялык система | |
Интерфейс тили | |
Биринчи чыгарылышы | 26 март 2015 жыл |
Аппараттык платформасы | Кроссплатформалык |
Акыркы үлгүсү |
|
Абалы | Активдүү |
Сайты |
Бул суу астында жүрүүчү кеменин ичинен кургактыкка, суу үстүндөгү башка кемелерге көз салчу дүрбү. Перископ 2014-жылдын февраль айында америкалык Кейвон Бейпкур жана анын бир нече жардамчылары тарабынан иштелип чыккан. 2015-жылдын мартында аны Твиттер социалдык тармагы сатып алган. Перископ жер жүзүнүн булуӊ-бурчунда болуп жаткан түрдүү окуяларды түз алып берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бир карасаӊ Инстаграмдын бир түрүндөй туюлат. Мында деле колдонуучулар жеке жашоосундагы жаӊылыктары, окуялары менен бөлүшөт. Болгону түз байланыш аркылуу. Мисалы, сиз телефонуӊузга Перископту жүктөп, ага катталдыӊыз дейли. Эми сиз кызыктуу инсандардын баракчасына жазыласыз да, алардын Перископтон байланышка чыгышын күтөсүз. Элестетиӊиз, сиз дүйнөнүн бир бурчунда туруп алып эле канадалык ырчы Жастин Бибердин эмне кылып жатканын онлайн режимде көрө аласыз. Ал эле эмес түз байланыш учурунда ага өз сурооӊузду узатып, жооп алсаӊыз да болот. Эми андагы функциялар менен тааныштырабыз.
Бул программа Андроид, iOS платформасындагы жана Apple үлгүсүндөгү телефондорго ылайыкташтырылган. Жүктөгөндү баарыбыз эле билсек керек. Эми сиз үчүн Перископко саякатка чыгабыз Социалдык тармака сиз твиттердеги аккаунттуңуз же телефон номериңиз аркылуу кирсеңиз болот
Фейсбук социалдык тармагы Инстаграм менен WhatsApp программаларын сатып алып, өз популярдуулугун ого бетер арттырган эле. Сыягы, Твиттердин да кожоюндары атаандаштарынан кем калгысы келбегенби, алар да Инстаграмга теӊ келчү, балким, андан ашып өтчү жаӊы Перископ аттуу программаны колдонуучуларга сунушташты.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Periscope, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.