Live stream (түз көрсөтүү) — бир эле убакта жаздырылган онлайн медиа агымы жана көрүүчүгө анык убакытта сунушталган берүү.
Ал көбүнчө жөн эле агым деп аталат.
Live stream кызматтары коомдук желелерди, видео оюндарды жана секс индустриясы сыяктуу багыттарды өз ичине камтыйт. Facebook Live, Periscope жана 17 сыяктуу колдонмолор пландаштырылган жарнамаларды, таанымал инсандардын иш-чараларын жана ошондой эле колдонуучулар арасындагы түз көрсөтүүлөрдү камтыйт. Twitch.Tv сыяктуу сайттар адамдар видео оюндарды — eSports менен Let's Play'деги оюндар же ылдам чуркоодогудай — ойноп атканын көрүүгө арналган популярдуу каражаттарга айланган. Lifecasting (лайфкастиң) же lifestreaming (лайфстримиң) — чыныгы жашоону Live streamда көрсөтүү иш-аракеттери.
Колдонуучулардын чат бөлмөлөрү аркылуу өз ара алакасы Live streamдын негизги компоненти болуп саналат. Facebook Live жана Periscope дагы түз эфирди алып баргандар менен сүйлөшүү же чатта маектешүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Көрүүчүлөрдүн өз ара аракеттенүүсүнүн эң мыкты мисалы Twitch Plays Pokémon болуп эсептелет. Анда башкаруучу маалыматка шайкеш келген буйрукту терүү менен көрүүчүлөр Pokémon оюндарын бүтүрүш үчүн кызматташышат.
Видеооюндарды түз берүү 2010-жылдарда белгилүү боло баштады. Дэвид М. Эволт Twitch "ESPN видеооюн" деп атады. Веб-сайтJustin.tv –дан 2007-жылы пайда болгон жана Amazon.com тарабынан 2014-жылдын аягында 970 миллион АКШ долларга алынган. Twitch түз берүүлөрдүн алдыңкы платформаларынын бири болуп, эми миллиондогон берүүчүлөр жана дээрлик эки жүз миллион көрүүчүлөргө ээ болду. Видеооюндардын агымдык берүүлөрүнө багытталган башка веб-сайттарга Smashcast.tv кирет, ал Azubu жана Hitbox.tv кошкондон кийин түзүлгөн жана Түштү Кореяда AfreecaTV түптөлгөн. 2015-жылы YouTube YouTube Gamingди чыгарды —ал Twitch менен атаандашууга арналган видеооюндарга багытталган жардамчы сайт жана тиркеме.
Түз эфирде көрүнүктүү окуянын мисалы болуп, Twitchте өткөрүлүүчү спидранерлердин кайрымдуулук марафону Games Done Quick саналат. Көрүүчүлөр эфир учурунда чуркоодо каармандардын атын атоо, жөө күлүктөргө татаал тапшырмаларды аткаруу же байгелерди утуп алуу сыяктуу демилгелерге кайрымдуулук кылууга чакырылат. Он алты марафондо 10 миллион доллардан ашык акча чогултулду.
Кесипкөй стримерлер көрүүчүлөрдүн жазылууларынан жана кайрымдуулуктарынан, ошондой эле платформадагы жарнамалардан жана киберспорттук уюмдардын демөөрчүлүгүнөн алгылыктуу киреше ала алышат, көбүнчө турнирдин жеңиштерине караганда стримдерден көбүрөөк акча табышат. Кесипкөйлүк оюн турнирлеринин аудиториясы, биринчи кезекте, оюн аянтчаларынын ичиндеги аудиториядан тышкары, түз берүүнүн көрүүчүлөрү. The International 2017, киберспорт тарыхындагы эң чоң байге менен Dota 2 боюнча турнири, негизинен Twitch аркылуу көрсөтүлүп, бир убакта беш миллиондон ашык көрүүчүлөр катышкан.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Live stream, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.