Эфирлер - курамында кычкылтек бар органикалык бирикмелер.
Эфирлер жөнөкөй жана татаал болуп экиге бөлүнөт. Жалпы формуласы R-O-R же R-ORı' (R, Rr органикалык радикалдар). Жөнөкөй Эфирлердин аттары алардагы радикалдардын аттарынан алынат. Мис., диметил СН3-0-СН3, метил этил эфири СН3-0-СН2Н5 ж. б. Жөнөкөй Эфирлер - жагымдуу жыттуу, сууда начар эриген, щелочь металлдардын жана щелочтордун таасирине туруктуу, органикалык заттарды жакшы эриткич заттар. Алар катиондорду өздөрүнө бириктирип алууга жөндөмдүү. Жөнөкөй Эфирлер спирттерди жана фенолдорду алкилдөө менен алынып, өнөр жайда, лабораторияда эриткич катары, диэтил эфири медицинада, дифенил эфири парфюмерияда ж. б-да колдонулат. К-талардын карбоксил тобундагы суутек алкил радикалдары менен орун алмашкан бирикмелери татаал Эфирлер деп аталат. Татаал Эфирлер желим жыттанган, жеңил учма суюктуктар. Алар сууда эрибейт, органикалык эриткичтерде жакшы эрийт. Татаал Эфирлер кислоталар менен спирттердин реакцияга киришинен, б. а. этерификация жолу менен алынат. Табиятта кеңири таралган, көбү эфир майларынын курамына кирип, аларга жагымдуу жыт берет. Татаал Эфирлер химиялык жана тамак-аш өнөр жайында колдонулат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эфирлер, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.