Эрозия – жатын моюнчасынын былжыры жаракатка кабылганда пайда болот.жатын моюнчасынын жарасы тоголок формада ачык кызыл түстө болот.
Алгач эки миллиметрден башталган жараны убагында даарылабаса чоңоюп отуруп эки-үч сантимтерге жетет. Бир айдын ичинде дарыланбаса эрозия псевдоэрозияга, тукумсуздука андан өтүп ракка алып келет.
Оорунун так аныктай турган белгилери жок.колу-бут тынымсыз муздак сууга салгандан, өнөкөт циститтен келип чыгат. Жыныстык кошулуу учурунда ооруксунуу жаралат. Эгер ушул белгилер байкала баштаса дароо гинекологко кайрылуу керек. Медицинада эрозияны дисплазия 1,2,3,4 деп аташат. Бул оору төрт тепкичти басып өтөт. Биринчи стадиядан экинчисине өрчүү аралыгы 2-3 жыл. Эрозиянын токсон пайызы суук тийгенден пайда болот. Башаламан жыныстык жашоо образы, иммунитеттин төмөндөшү, жатын моюнчасы жаракатка кабылганда, аборт же туура эмес төрөтүү эрозиянын пайда болушунун негизги себеби.
Жарага айланып калган эрозияны кольпоскопия (микроскоп өңдөнгөн аппарат) менен карап чыгышат. Жаранын терең же тайыз жайгашканына жараша дарылоо жолу да башкача.бизде азыр эки ыкма кеңири тараган. Бири лазердик хирургия, экинчиси криодеструкция.
Лазердик хирургия- жатын моюнчасынын жарасын электр тогу менен күйгүзүү. Эки айдын ичинде жара толук айыгып бүтөт. Кооптусу лазердик хирургиядан кийин күйгүзүлгөн жердеги тактар бойго бүтүүгө тоскоол кылат.
Криодеструкция- суюк азотту колдонуу жолу менен жасалат. Лазердик ыкмага караганда төмөнкү температурада күйгүзүлөт. Күйгүзгөн жер айыгып кетүү мөөнөтүү – эки ай. Кош бойлуу айым эрозиясы бар экенин билсе түйүлдүккө төрт же беш ай болгуча дарылабайт. Анткени дарылоо учурунда түйүлдүк жаракат алышы мүмкүн. Эрозия жатындын эрте ачылышына себеп болуп маалына жетпей төрөөгө же бойдон түшүүгө алып келет.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Эрозия, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.