Шлюз (лат.
excludo - чыгарам, кармап турам, ажыратам) -
1) тоо-кенде - жантык орнотулган кууш жана узун аштоо сымал кобул; кен байытуучу түзүлүш. Ал жыгачтан жасалып, таманы түктүү кездеме же быдырлуу резина ж. б. менен капталат. Ага оор минералдар жабышып калат. Алар басым астындагы суу менен жууп чо гултулуп алынат. Кен чачындысынан минерал алууда Шлюз өз алдынча байытуучу аппарат катары иштейт, ал эми кенташтан минерал алууда Шлюз талкалоочу (майдалоочу) аппараттардан кийин орнотулат. Шлюз кыймылсыз жана тасмалуу болуп айырмаланат. 1970-жылдардан автомат кыймылдуу Ш. колдонулат. КМШ өлкөлөрүндө көп кабаттуу Шлюз пайдаланылат.
2) гидротехникада - Шлюз канал же дарыя суусунун тайыз жерине курулат. Кеме тайыз суулуу жерге келгенде анын аркасындагы тосмо жабылып, суунун деңгээли көтөрүлүп, андан ары кеменин жүрүшү үчүн шарт түзүлөт. Мындай Шлюз Батыш Европанын, АКШнын ж. б. көптөгөн дарыяларында курулган. Гидротехн. Шлюздар суу сактагычтардын бөгөттөрүндө, каналдарда, дарыяларда ж. б. суу агымын бууп токтотуу жана суу бөлүштүрүү, керектүү жактарга өз учурунда суу коё берүү максаттарында да курулат. Мындай Шлюздар Кыргызстандагы бардык суу сактагычтарда (электр энергиясын алуу жана сугатка суу бөлүштүрүүгө арналган) жана каналдарда орнотулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Шлюз, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.