Болот (Болотбек) Шамшиев Төлөн уулу (12-январь 1941, Фрунзе, Кыргыз ССРи — 21-декабрь 2019 Кыргызстан) — Советтик жана Кыргызстандык актёр, кинорежиссёр ошондой эле сценарист.
СССРдин эл артисти (1991).
Болот Шамшиев | ||||||||
Төрөлгөндөгү ысымы: | Болотбек Шамшиев | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|
Туулган датасы: | 12 -январь 1941 | |||||||
Туулган жери: | ||||||||
Өлгөн датасы: | 21 -декабрь 2019 (78 жаш) | |||||||
Өлгөн жери: | ||||||||
Жарандыгы: | ||||||||
Кесиби: | ||||||||
Сыйлыктары: |
| |||||||
IMDb: |
"Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмаларды тарткан.
1941-жылы 12-январда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте (мурдагы Фрунзе) туулган. 1991-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.
Анын атасы Шамшиев, Төлөн - кыргыздын совет доорундагы таанымал акыны болгон.
Болот Шамшиев 1965-жылы "Манасчы" даректүү
1969-жылы "Караш-Караш окуясы" көркөм тасмасы, 1972-жылы "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы чыгат.
1975-жылы чыккан "Ак кеме" фильми кийинки жылы СССР Мамлекеттик сыйлыгына татыган. Бул чыгарма атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестине негизделген.
1980-жылы "Эрте келген турналар" жана 1984-жылы "Бөрү зындан" көркөм тасмасы тартылган.
Кинорежиссер Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевди ХХ кылымдын акыркы үчилтигиндеги кыргыз киносунун берметин түзүүчүлөр катары жогору баалашат. Алардын улантуучуларынын арасында замандашы Дооронбек Садырбаев да болгон.
Эгемен Кыргызстанда (1990-1994) Жогорку Кеңештин депутаты да болгон.
1998-1999-жылдарда Мамлекеттик туризм жана спорт агенттигинин директору болду.
2002-жылга чейин Кыргызстандын Бириккен араб эмиратындагы башкы консулу болуп иштеди.
-"Манасчы", "Чабан",
-"Караш ашуусундагы атышуу",
-"Ысык-Көлдүн кызгалдактары",
-"Сүйүү жаңырыгы",
-"Ак кеме",
-"Адамдардын арасында",
-"Эрте жаздагы каркыралар",
-"Бөрү зындан",
-"Снайперлер",
-"Фудзиямага чыгуу" тасмалары.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Болотбек Шамшиев, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.