Чыйырды: Манастын апасы

Чыйырды — Манас эпосунун каарманы.

Манастын энеси. Сагымбай Орозбаковдун вариантында кытай-калмактар кыргыздарды чаап, туш-тушка таратканда Чыйыр деген өлгөн агасынын аялы Шаканды Жакып алат. Чыйырдын аялы делип жүрүп байбичесинин Шакан аты калып, Чыйырды аталып кеткен. Өзүнүн өмүрүн бүт бойдон элдин тагдырына багыштаган баатыр баланы жана неберени тарбиялоого жумшаган мекенчил эненин элеси дастанда "эл башына күн түшсө эл жараткан эр келет" деп эл самаган Манас баатырды тапкан кең пейил, акылман Ч-нын элеси аркылуу берилет. Манаска дос болом, кыргыздар үчүн ак ниетим менен адал кызмат өтөйм деп келген Алмамбетке Ч. эне эмчек сүтүн татытат. Баласы Манастын кайгысы сууй электе кичи аялынан төрөлгөн балдары Абыке, Көбөштү тукурган чалы Жакыпка, чыккынчы зөөкүрлөргө наалат айтып, балтыр бешик Семетейди жашырып алып качып чыгат. Ч. менен Каныкей Семетейди эр жеткирүү максаты менен Букарга, Каныкейдин төркүнүн көздөй качышат. Ар кандай кыйын кысталыш учурларда Каныкейди кайраттандырып, акылын айтат. Семетейди өстүрүүдө Каныкейдин активдүү жардамчысы болот. Тайторуну чабарда да Каныкей Ч. менен кеңешет, анын батасын алгандан кийин гана атын байгеге кошот. Семетей эр жетип, атасы Манас, жери Талас экенин билгенден кийин энеси Каныкейди, чоң энеси Ч-ны алып элине келет да аларды эңсеп күткөн калкынын, акылман Бакайдын жардамы менен душмандары Көбөш канды жана анын кошоматчыларын жеңет. Ч. "Семетейдеги" окуяларга аз катышса да, сюжеттин өнүгүшүндө ар дайым эске алынып айтылып турган жандуу образ. "Манас", "Семетей" бөлүмдөрүндө тең Ч-нын образы аркылуу өз эли-жерин сүйгөн, баатырды тарбиялоонун бардык кыйынчылыктарына чыдаган, дайыма адилеттик тарабында болгон патриот эненин элеси берилген.

Колдонулган адабияттар

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4

Tags:

АбыкеАлмамбетЖакыпКаныкейКөбөшМанас баатырСагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)СеметейЧыйырШакан

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

КомузАалы ТокомбаевЖемиштер1916-жылдагы тарыхый трагедиянын кыргыз адамынын дүйнө таанымына, көз карашына тийгизген таасириМолдо НиязЖыл сүрүүЦивилизацияГастритЭнесай Кыргыз кагандыгыТамак сиңирүү системасыСак цивилизациясыЭволюцияТебетейЖарандык согушЖапонияМектепке чейинки куракРамазанФонетикаЖунгар хандыгыИшмердүүлүкИшеналы АрабаевКыргыз эли колдонгон жазууларАк кеме (тасма)ЖибекСловакияИса АхунбаевМанастын туулганыМуун (лингвистика)Чыңгыз ханЗаманачы акындарКеңеш ЖусуповЭлектр-магнит толкундарыКүн системасыКыргызстандагы майрамдарҮй-бүлөТүндүк Тянь-Шань рельефинин калыптанышы жана тектоникасыКанОсмонкул БөлөбалаевБасым (физикалык)Кол өнөрчүлүкЖайсаң ЫрчыТоталитардык (төбөлдүк)ЖаратылышБугу жана сарыбагыш урууларынын чабышыБаланын укуктары жөнүндө конвенцияСибирь кыргыздарыГеографиялык улуу ачылыштар«Жаңыл Мырза»Кожомбердиев ТурарДемократияСтилистикаПингвинТарбиялоонун методдоруКубатбек ЖусубалиевКойКырк чороКиринди сөзАвстралия (континент)Жазгыч акындарКараханийлер мамлекетиУкукМоральСөз түркүмүСократКыргызстандын түштүгүндөгү 1871-1876 жылдардагы элдик көтөрүлүштөрСеметейдин Букардан Таласка келишиМатерия (физика)Кыргыздардын XVI—XVIII кылымдардагы маданиятыТукум куугучтукПоэзияСеметейдин балалык чагы. Каныкейдин Тайторуну чабышы.МайларЫктымалдуулук теориясыКыргызстандын КонституциясыКыргызстандын Орусияга каратылышыАйлана чөйрөнү коргоо🡆 More