Цeмент (немисче: Zement, аңглисче: Caementum — майдаланган, урулган таш) — гидравликалык жасалма жана органикалык эмес байланыштыргыч зат; негизги курулуш материалдарынын бири; органикалык эмес материалдын майда бөлүктөрү;
Цeмент суу менен аралашканда катып калуу касиети бар (камырдай жумшак пластик өңдөнүп, анан таш сымал затка айланат) кальций силикаты менен кальций алюминатынан қуралат. Цeменттин ар бир түрү ар кандай катуулук касиетине ээ. Ал эми, кээ бир түрлөрү тек гана туздардын, кычкылдардын суудагы эритиндиси менен аралаштырганда гана байланыштыргычтык касиетке ээ болат. Анын портландцемент деген түрү абдан кенири колдонулат. Портландцемент негизинен жогорку негиздуу кальций силикатынан турат.
Муну менен бирге Цeменттин тез биригүү менен тез катуусу, майдалыгы, ж.б. белгилүү бир стандартка шайкеш болуусу шарт.
...
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Цемент, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.