Улуу Гэтсби

Улуу Гэтсби - Америкалык жазуучу Фрэнсис Скотт Фицджеральддын 1925-жылы жарык коргон китеби.Фицджеральд озунун чыгармасын Нью-Йоркто баштап,Парижде бутургон.

Улуу Гэтсби
Файл:Великий Гэтсби.jpg
"Улуу Гэтсби" 1925 ж.
Нукура аталышы The Great Gatsby
Которгон Евгений Калашников
Сүрөтчүсү Фрэнсис Кугат
Мукабанын автору Фрэнсис Кугат
Өлкөсү АКШ
Тили англис
Жанры Роман
Медианын түрү Китеп
Беттери 140

Роман автордун тируу кезинде абдан деле популярдуулукка ээ боло алган эмес- 24 000 даана сатылгандыгы белгилуу. Улуу Депрессия жана Экинчи Дуйнолук согуш учурунда таптакыр эле унутта калган.Ал эми откон кылымдын элуунчу жылдарында гана дуйного таанымал боло баштаган.

Кийинки он жылдын ичинде чыгарма коптогон башка тилдерге которулуп,англис тил мектептеринде окуу программасына киргизилген

1998-жылы Modern Library басмасынын белгиси боюнча 20-кылымдын 100 эн мыкты англис чыгармаларынын тизмесинде №2 орунга ээ болгон.

Мазмуну

Ник Каррауэй санаторияда аракечтиктен дарыланып жүргөндө Гэтсби аттуу мырза менен таанышканын дарыгерге кагаз жүзүндө жазып берет. Ал 1922-жылы Нью-Йоркко келип, көңүлүн иренжиткен төмөнкүдөй окуяларга туш болгон эле. 

Жей Гэтсби менен Дэйзи аттуу селки сүйүшүп, бирок кыз Том деген бай жигитке баш кошот. Алардыкына Дэйзинин аталаш тууганы Никтин келиши менен бир топ сырлар ачыкка чыгат. Ал эжеси Дэйзинин жолдошунун көңүлдөшү бар экенине күбө болот. Никтин кошунасы Жей мурун жөнөкөй турмушта жашаган аскер болсо, эми сүйүктүүсүнө өзүн көрсөтүү максатында байлыкка жетип калган эле. Анын үйүндө ар ишемби жүздөгөн киши чогулуп, шараптар төгүлүп, баш айланткан эс алуу өтүп турчу. Ошонун баары жалгыз гана Дэйзи үчүн уюштурулуп, балким, эл менен кошо ал да баш багып калар деген илгери үмүт эле. 

Легендарлуу Гэтсбини отуруштун уюштуруучусу катары аты чыкса да, эч ким жүзүнөн көргөн эмес. Ал ашыгына жетүүнүн амалын көрүп, Ник менен жакындан таанышып достошот. Акыры көздөгөн максатына жетип, сүйүктүүсүнө кезигип, экөө бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиришет. Бирок кубанычы көпкө узабай, Дэйзинин жолдошу Том экөөнүн ысык мамилелеринен шекшип, окуя чыр менен аяктайт. Механик Жорж Вильсон аялы менен урушуп, жубайы жолго чуркап чыга калып, Гэтсби менен Дэйзи келаткан машина аны уруп кетет. Жубайынын өлүмүнө Жейди күнөөлөгөн Жорж өч алмакчы болуп атып өлтүрүп, артынан өзүнүн да жанын кыят. Шаан-шөкөттөргө аёосуз акчасын чачкан Гэтсби каза тапканда бир да киши аны узатууга басып келбей, жалгыз гана досуна айланган Ник келет. Дэйзи Жейди ойлоп да койбой, Том менен Нью-Йорктон көчүп кетишет.

Аталышы

Фицджеральд чыгрманын кандайча аталарын коп ойлонгон. "Таштанды жана миллионерлер арасында","Гэтсби-Алтын шляпа","Уэст Эгге карай жол" деген аттар жакпай басмага бир жума калганда "Тримальхиондун кечеси" деген аталышты тандап,андан сон "Улуу Гэтсби " деп озгорткон.

Баш каармандар

Ник Каррауэй - романдын башкы каарманы,29-30 жашта,окуяны баяндайт.

Жей Гэтсби - Каррауэйдин кошунасы,нувориш,30 жаштын тегерегинде, эч кимге ачылбаган, бай адам.

Дэйзи Бьюкенен - Жейдин суйгон кызы. Никтин аталаш бир-тууганы

Томас Бьюкенен - Дэйзинин куйоосу, 30 жаштын тегерегинде,бай уй-булоонун уулу

Джордан Бейкер -Дэйзинин курбусу

Миртл Уилсон - Томдун суйгону.

Джордж Уилсон - Миртлдын куйоосу,автоунаа ондогон жайдын ээси.

Чыгарманын негизинде тартылган тасмалар

1926 - Улуу Гэтсби/The Great Gatsby

1949 - Улуу Гэтсби/The Great Gatsby

1974 - Улуу Гэтсби/The Great Gatsby

2000 - Улуу Гэтсби/The Great Gatsby

2013 - Улуу Гэтсби/The Great Gatsby - башкы рольдордо: Леонардо Ди Каприо жана Тоби Магуайр

Шилтемелер

http://www.super.kg/mobile/article/show/25037

Tags:

Улуу Гэтсби МазмунуУлуу Гэтсби АталышыУлуу Гэтсби Баш каармандарУлуу Гэтсби Чыгарманын негизинде тартылган тасмаларУлуу Гэтсби ШилтемелерУлуу Гэтсби

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Оозул (стоматит)Тери ооруларыТоктоболот АбдумомуновБака жалбыракАтавизмМурунМамиле категориясыЖек ЛондонТогуз коргоолБиринчи майКөп маанилүү сөздөрАдигине-ТагайМанасПублицистикаЛинзаИнтеграцияСатираАнтивирустук программаПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыМанас КүмбөзүАмерикаУйгур кагандыгыАнатомияЕвразияБилим берүүМанас эпосуКокон хандыгыМаркетингАтомИоганн Себастьян БахҮй-бүлөСөз байланышыКубатбек ЖусубалиевСейтекДаван мамлекетиКөмүр кендериЖаранБайыркы РимРаев Султан АкимовичИлбирсБүркүтЭлечекНаймандарТаш доору«Букара» биримдигиЖусуп АбдрахмановТуруктуу өнүгүүРеферендумБаяндоочКубаКадамжай районуЖайлооМыйзам чыгаруу бийлигиАнжиян көтөрүлүшү«Сейтектин» сюжетиКаржыМуктар АуэзовЖүрөк-кан тамыр системасыТамеки чегүүКомузКыргыз Республикасынын БаатырыКумурскаТериТүркмөнстанСүйлөм мүчөлөрүНүзүп бий Эсенбай уулуАбанын булганышыАминдерЖугуштуу ооруларБоз үйдүн негизги жабдууларыТаштандыКомпьютердик тармакЦивилизацияКыргызстандагы жаныбарларПедагогикалык изилдөө методдоруКыргызстан көмүр кендериЧернобыль авариясыЦитология🡆 More