Түриң сыйлыгы - жыл сайын Эсептөөчү техника бирикмеси (ЭТБ; англ.
Кошулган салымдар "компүтер тармагында узак мөөнөттүү жана ири техникалык мааниси болушу керек" деп каралган. Түриң сыйлыгы жалпысынан компүтер илиминдеги жана "Эсептөө боюнча Нобел сыйлыгындагы" эң жогорку артыкчылык деп эсептелет.
Сыйлык британиялык математик жана Манчестер университетинде математика профессору Алан Түриңдин урматына аталган. Түриң көпчүлүк учурда теориялык компүтер илимдерин жана жасалма интелекттин негиздеген адам деп айтылып келет. 2007-жылдан 2013-жылга чейин сыйлык 250,000 АКШ доллар өлчөмүндөгү байге менен коштолгон. Ал Intel жана Google тарабынан берилген каржылык колдоо менен ишке ашкан. 2014-жылдан тартып сыйлык Google тарабынан берилген каржылык колдоо аркылуу 1 млн АКШ доллар өлчөмүндөгү байге менен коштолуп келет.
Сыйлыкты биринчи алган киши 1966-жылы Карнеги Меллон университетинен Алан Перлис болгон. Сыйлык алган биринчи аял 2006-жылы IBM компаниясынан Франсис Э. Аллен болгон.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Түриң сыйлыгы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.