Трансформерлер (англ.
"Трансформерлер" франшизасынын көптөгөн серияларынын эң биринчиси Hasbro компаниянын Transformers оюнчук линиясында негизделген (Takara оюнчук жасоочу жапон компаниясы чыгарган Diaclone жана Microman оюнчук линиясында негизделген) жана унааларга же башка буюмдарга айлана ала туруучу гигант роботтордун согушун сүрөттөйт.
Marvel Productions жана Sunbow Productions синдикаттын биринчи чыгуусу үстүндө иштешкен, сериялардын анимациясы Toei Animation (Жапония) жана AKOM (Түштүк Корея) компаниялары аркылуу аткарылган. Мультсериал "Трансформерлер: Анимацияланган тасма" (англ. The Transformers: The Movie, 1986) анимацияланган тасмасы менен экинчи жана үчүнчү сезондор арасында кошумчаланган.
Бул сериялар "1-Муун" (англ. "Generation 1") катары кеңири таанымал, терминди мультсериалдын күйөрмандары 1992-жылы "Трансформерлер: 2-Муун" (Transformers: Generation 2) аталышынан улам колдоно баштаган, натыйжада бул аталыш мультсериалдын расмий аталышы катары колдоно баштаган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Трансформерлер (мультсериал), which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.