Соода жана өнүктүрүү боюнча БУУнун конференциясы (ЮНКТАД) — эл аралык соода уюму болуп саналбаган БУУ Башкы Ассамблеясынын органы.
1964-жылы түзүлүп, 168 мүчө өлкөсү бар. Негизги милдети — эл аралык сооданын өнүгүшүнө, мамлекеттер ортосундагы тең укуктуу өз ара пайдалуу кызматташтыкка колкабыш кылуу, эл аралык экономикалык мамилелерди арттыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж. б. у. с. ЮНКТАДда топтук принципте иштөө кабыл алынган: мүчө-мамлекеттер социалдык-экономикалык жана географиялык принцип боюнча өз ара 4 топко бөлүнгөн. ЮНКТАД чечими резолюция, билдирүү таризинде кабыл алынып, сунуштама мүнөзүндө болот. ЮНКТАД калкасында көп тараптуу макулдашуулар менен конвенциялар иштелип чыгат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Соода жана өнүктүрүү боюнча БУУнун конференциясы, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.