Салоники, Фессалоники (грек.
Эгей деңизиндеги Термаикос булунунун жээгинде жайгашкан. Борб. Македония перифериясынын (округунун) адм. борбору. Калкы 346 миң (2010; агломерациясы менен 1 млндой). Эл аралык аэропорту бар. Ири дениз портту. Шаардан Балкан ж. а-нда жайгашкан коңшу мамлекеттерге транзиттик жол кетет. Нефть ажыратуу, нефть-хим., текстиль, машина куруу (анын ичинде аскердик автомобилдер, бронетехника жана башкалар), фармацевтика, тамак-аш, курулуш материалдары өнөр жай ишканалары иштейт. Илимий-технол. парк (жогорку технология жаатындагы өндүрүш) бар.
Биздин заманга чейин 315-жылы негизделген. Византия доорунда мааниси боюнча Константинополдон кийинки 2-шаар, 13-кылымда Фессалоники королдугунун (Латын империясы) жана Эпир мамлекетинин (Фессалоники империясы) борбору болгон. Рим салтанат капкасы (Галерия, б. з. 300-жылы ченинде), көп сандаган византия чиркөөлөрү (анын ичинде Ыйык Георгий, 4-кылымдын аягы), Ыйык Димитрий (5-7-к.), Ыйык София кумпалуу базиликалары (5-8-к.) жана башка сакталган. Шаардагы Эрте христиан жана византия доорундагы эстеликтер Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине (1988) киргизилген.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Салоники, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.