Надир шах Мухаммед (9.
4. 1883, Индия, Дехрадун шаары - 8. 11. 1933, Кабул) - Афганстандын королу (1929-33). Индиядагы аскер окуу жайын бүтүргөн. Фарсы, пушту, урду, англис, француз жана башка тилдерди жакшы билген. 1901-жылы Афганстанга кайтып келип, афган армиясында кызмат өтөгөн. 1903-17-жылы капитан наамында батальондун командири, Кабул гарнизонунун башчысы, башкы командачы, 1919-жылы үчүнчү Англия Афган согуштарынын мезгилинде афган күчтөрүнүн командачысы, 1919-24-жылы аскер министри жана жогорку командачы, 1924-27-жылы Афганстандын Франциядагы элчиси, 1929-жылы мекенине кайткан сон, Хабибулла Вача-и Сакаонун көтөрүлүшүнө каршы күрөштү башкарган. Надир шах королдук бийликти колуна алгандан кийин өлкөгө экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзгөн. 1931-жылы жаңы конституция кабыл алып, мыйзам алдында бардык жарандар бирдей жана тең укукта деп жарыялаган. 1932-жылы Кабулга улуттук банк, медициналык мектеп, Кабул университетин ачкан. 1933-жылы Надир шах эмир-реформатор Аман-Аллахтын талап-таштарынын колунан атылган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Надир шах Мухаммед, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.