Медайым — орто медициналык билими бар адис; дарыгердин жетекчилигинде иштейт.
Ооруканада иштеген медайым оорулуулардын абалына көз салат, дарыгер дайындаган дарылоо процедураларын аткарат, бөлүмдөгү жана палатадагы санитария-гигиеналык шартты текшерет. Палаталык медайым улуу медайымдын жетекчилиги менен дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарат, дарыларды жаздырып алат, оорулууларды кабыл алуу жана ооруканадан чыгаруу иштерин жүргүзөт, документтерин даярдайт, оорулуулардын тамак-ашын текшерет. Поликлиникада иштеген медайым оорулууларды кабыл алууда дарыгерге жардам берет, аларга белгиленген медициналык процедураларды үйүндө же поликлиникада жасайт, калк арасында санитариялык агартуу иштерин жүргүзөт. Алардын иши өтө жооптуу, медайым дарыгердин көрсөтмөсүн канчалык так, тыкан аткарса, дарылоо ошончолук натыйжалуу болот. Медайымдарды медициналык окуу жайлар даярдайт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Медайым, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.