Матрилиналдуулук

Матрилиниалдуулук - бул энеден уланган тукуму аркылуу туугандык изин табуу.

Ошондой эле, бул социалдык система менен байланышта болушу мүмкүн, анда ар бир адам өзүнүн матрилиниалык теги менен аныкталат, ошондой эле мүлк жана/же наамдар мураска калтырылышы мүмкүн. Матрилиния – бул өткөн муундардагы аялзатынан баштап азыркы муундун эркек-аялын дагы камтыган туугандык чынжыры, анда бардык муундардагы адамдар энелер, башкача айтканда, "эне тарабынан уланган тукум". Матрилиниалык системасында адам энеси менен бир тукумга таандык деп эсептелет. Бул байыркы эне тарабынан уланган тукум үлгүсү, азыркы күндө популярдуу болгон, адатта атасы тарабынан фамилия берилген патрилиниялык системага карама-каршы келет.  

Адамзаттын алгачкы туугандык байланыштары

Матрилиналдуулук 
Кыргыз санжырасы эркек теги менен жазылат. Кыздар жазылат, бирок алардын балдары эркектин санжырасына жазылат.

XIX кылымдын аягында дээрлик бардык тарыхчылар жана антропологдор Льюис Х. Моргандын “Байыркы коом (Ancient Society) аттуу таасирдүү китебине ылайык, адамдардын алгачкы туугандыгы бардык жерде матрилиниалык болгон деп ишенишкен. Бул идея Фридрих Энгельс тарабынан «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин келип чыгышы» аттуу китебинде берилген. Морган-Энгельстин тезиси боюнча, адамзаттын эң алгачкы үй-бүлөлүк мекемеси үй-бүлө эмес, матрилиниалык клан болгон, ал система көп өтпөй коммунисттик ортодокско өзгөргөн. Буга жооп катары XX кылымдагы социалдык антропологдордун көпчүлүгү матрилиниалык артыкчылык теориясын колдоого мүмкүн эмес деп эсептешкен, бирок 1970-1980-жылдарда бир катар феминист окумуштуулары аны жандандырууга аракет кылышкан.

Матрилиналдуулук 
1952-жыл, каныша Елизавета II анын урпактары ханыша Виктория менен ханзаада Альберттин эркек теги боюнча тукумдары болбосо да, Виндзор үйүнүн курамына кирерин билдирген жарлык чыгарган.

Акыркы жылдары эволюциялык биологдор, генетиктер жана палеоантропологдор бул маселелерди кайрадан карап чыгышып, көбү генетикалык жана башка далилдерге таянып, адамдардын алгачкы тууганчылык байланышы матрилиниалык болушу мүмкүн экенин айтышкан. Маанилүү кыйыр далил катары миңдеген жылдар бою Сахаранын түштүгүндөгү Африка аймагындагы аңчы-жыйноочуларынын арасындагы аялдар никеден кийин күйөөсүнүн үй-бүлөсү менен эмес, өз энеси жана башка төркүндөрү менен жашоону тандашканын көрсөткөн генетикалык маалыматтар боло алат. Дагы бир аргумент - эже-сиңдилер менен алардын энелери бири-бирине бала багууда жардам беришкендиги тек атадан эмес, энеден улангандыгын бекемдейт. Биологиялык антропологдордун айтымында, биргелешип бала багуу адамдардын чоң мээнин өрчүшүнө жана адам баласына таандык психологиянын өнүгүшүнө шарт түзгөн. Башкалары матрилокалдуулуктун же патрилокалдуулуктун универсалдуулугун жактаган окумуштуулардын ырастоолорун четке кагып, аңчы-жыйноочу коомдордун ийкемдүү филопатриясы же практикалык мультилокалдуулугу бар экендигин белгилешет. Эркектер да, аялдар да ким менен жашоону тандоого укуктуу болгондуктан, бул өз кезегинде эгалитардык тең укуктуу коомго алып келет. Айрым маалыматтарга ылайык, малчылык жана дыйканчылык менен алектенген коомдор патрилокалдуулукка катуу тартылышат, ошондуктан патрилокалдуулук пигмей эместер арасында кеңири таралган көрүнүш. Бирок кээ бир аңчы-жыйноочулардын арасында патрилокалдуулук дыйкандарга караганда сейрек кездешет. Мисалы, ака пигмейлеринин арасында, анын ичинде биака менен бензене урууларында, жаш жубайлар биринчи баласы төрөлгөндөн кийин күйөөсүнүн чатырына көчүп келет. Бирок күйөөсү кайын журтуна барып аялы менен кошо жашай да алат, ошондой эле жанына бир тууганын же эжесин алып келип алса болот. Бул келин кызмат аткарган коомдордо болушу мүмкүн, же башка коомдордо. Жогорудагы маалыматтарга ылайык, айрым окумуштуулардын айтымында аңчы-жыйноочу коомдордо туугандык мамиле жана жашоо турмушу татаал жана көп кырдуу. Мисалы, мурунку маалыматтарды кайра текшерүүдөн өткөрүп (алар өтө ишенимдүү эмес), изилдөөчүлөр топтордун 40%ы билокалдык, 22,9%ы матрилокалдык жана 25%ы патрилокалдык болгонун белгилешет. Бир катар окумуштуулар бир гана матрилокалдуулук (матрилинеалдуулук) же бир гана патрилокалдуулук (патрилинеалдуулук) түшүнүктөрүн четке кагып мультилокалдуулукту жакташат.

Маданий модельдер

Балдарга кам көрүү

Матрилиналдуулук 
Көпчүлүк учурда балдарга энеси кам көрөт. Кыргызстанда аталар балдарына күнүнө 8 мүнөт убакы бөлүшөт.

Адатта, эне, бардык маданияттарда өз балдарына кам көрөт, ал эми кээ бир матрилиниялдык маданияттарда эненин ордуна "тайке-атасы" жээндерине кам көрөт: башкача айтканда, социалдык аталар бул жерде таякелер. Атанын ролун аткарган менен биологиялык атасынын ролунун ортосунда сөзсүз бир байланыш жок. Мындай матрилиниялдык маданияттардын көбүндө, айрыкча, жашаган жери матрилокалдык болгон жерлерде, эркек өз балдарына эмес, "өзүнүн каны" катары эсептелген эже-карындаштарынын балдарына камкордук укугун колдонот. Бул балдардын биологиялык атасы энесинин бир тууганы жана камкорчусу болгон таякесинен айырмаланып, керек болсо мээримдүү жана эмоционалдык жактан балдарга жакын болсо дагы кандайдыр бир мааниде алар үчүн "чоочун" болуп эсептелет.

Матрилиниалык фамилия

Матрилиниялык фамилиялар – фамилия берүүдө эң кеңири таралган жолу болгон атадан балага берилген патрилиниялык фамилиялардан айырмаланып, энеден кызга берилген ысымдар. Тактык жана кыскалык үчүн, патрилиниялык фамилия жана матрилиниялык фамилия деген илимий терминдер, адатта, патроним жана матроним деп кыскартылат.

Бир фамилия

Патрилиниялык маданияттарда матронимдердин жоктугу салттуу санжыраны колдонуу менен ата тегин издөөгө караганда энеден уланган тегин издөөнү татаалдаштырат. Антсе да, патрилиниялык фамилиялар адамдардын жекелигин так аныктоо үчүн пайда болгон жана административдик себептерден улам кабыл алынган жана бул патронимдер кылымдар бою фактыларды жана документтерди издөөгө жардам берип келет. Патронимдер - бул өзгөртүлгүс адамдын өздүгүн аныктоочу фамилиялар, жеке адамды, учурда же өткөндө же келечекте аныктаган фамилиялар; ушул сыяктуу эле, матронимдер - бул аялдардын өздүгүн аныктоочу фамилиялар.

1979-жылы Аялдарга карата дискриминациянын бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциясында (CEDAW) БУУ өзүнүн 16-беренесинин (г) пунктунда аялдар менен эркектер, айрыкча аялы менен күйөөсү саясий нормалар сакталган коомдо "баланын фамилиясын", ошондой эле өз "кесибин" жана “ишмердүүлүктү” тандоо укугуна бирдей ээ деген көз карашта. Бул үч укук аялдардын эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушун камсыз кылуу максатында гендердик теңчиликке байланыштуу укуктардын узун тизмесинин кичинекей бөлүгү. Айрым маданияттарда фамилия такыр эле берилбейт. Эгер кайсы бир маданиятта мындай көрүнүш болсо, анда дискриминация болбошу үчүн, жогоруда айтылгандай, ар бир баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө матроним да, патроним да ыйгарылат.

Эки фамилия

Айрым маданияттарда атанын да, эненин да фамилиясы колдонулат, мисалы испандыктардын ысым ыйгаруу салты, португалдыктардын ысым ыйгаруусу, жана латиноамерикалыктардын ысым ыйгаруу салттары. Бул патрилиниялык маданияттарда патрилиниялык фамилия – патроним болуп эсептелет, ал эми эне тарабынан берилген фамилия матроним катарына кирбейт. Анын ордуна, латиноамерикалыктар энесинин патронимин колдонушат.

Кыргызстанда

Кыргызстанда мыйзам боюнча балдарга атасынын же апасынын фамилиясы коюлат. Сейрек учурларда ата-эне эки фамилия коюшу мүмкүн. Отчество же атасынын аты атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын атынан жазылууга тийиш.

1930-1940-жылдардан тарта пайдаланылып, азыркы күндө дагы деле колдонулуп жаткан үлгү чоң атасынын атына -ов/ев, -ова/ева мүчөлөрүн улап колдонуу. Советтик Союз убагында Союз боюнча бардык өлкөлөрдө фамилиялар орус тилдин стандартына келтирилген. Ошондой эле атасынын атына (отчество) -ович/овна, евич\евна мүчөсү уланып документтерге атасынын аты дагы жазылып келет. Расмий жолугушууларда кайрылуу учурунда аттар атасынын аты (отчество) менен кошо колдонулуп келет.

Азыркы учурда баланын фамилиясы атасынын аты боюнча эркек балдар үчүн “уулу” же “тегин”, ал эми кыз балдар үчүн “кызы” деген сөздөрдү кошуу менен, болбосо ал сөздөрдү кошпостон адегенде өз атын, андан кийин атасынын ысмын жазуу менен аныктайт. Апасынын атын фамилия же атасынын аты (отчество) катары колдонууга уруксат берилбейт. 2021-жылы Кыргызстандык жалгыз бой эне Алтын Капалова үч баласына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келе жатат. Мамкаттоо кызматы апасынын атын (матчество) жокко чыгаруу менен катар жазуучудан мамлекеттик алымды өндүрүп алууну да талап кылган. Ведомстводон Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, атасынын аты деген графага атасынын же багып алган адамдын, өгөй атасынын же чоң ата, таятасынын аты жазылууга тийиш деп көрсөтүлгөн.

Булактар

Tags:

Матрилиналдуулук Адамзаттын алгачкы туугандык байланыштарыМатрилиналдуулук Маданий модельдерМатрилиналдуулук Матрилиниалык фамилияМатрилиналдуулук КыргызстандаМатрилиналдуулук БулактарМатрилиналдуулукМурасМүлкНаамСоциалдык системаТукум

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Жалал-АбадКыргызстандагы таш дооруБалдардын курак мезгилдериЧакчылКокон хандыгынын Кыргызстанды каратып алышыАмир ТемирКожожашКойТаң алдында (роман)Адеп тарбиясыАлександр МакедонскийКыргыздын чен бирдиктериАт жабдыктарыКыргызстандагы жылуулук режимиБизнес-планМоголстанХХ кылымдын гомериСолтоноев Белек Солтонкелди уулуКыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик РеспубликасыМаркетингНарын мамлекеттик коругуОмофондорАлюминийОктябрь революциясыКемтик сүйлөмКонституцияДемократияИбраев, ЭсенгулПунктуацияТелескопАнжиян көтөрүлүшүКыргыз философиясыСүмөлөкУуланууЖыл сүрүү жадыбалыОрхон-Енисей жазуусуКокон АвтономиясыАбдыкадыр ОрозбековЖамийла (повесть)Башкаруу байланышыИчки Теңир-ТооКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыМуун (лингвистика)Мугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?Болмуш (философия)Топурак эрозиясыТоголок Молдонун чыгармаларыБарпы Алыкул уулуБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасыРадиоактивдүүлүкСоң-КөлКыргызстандын КонституциясыДаван мамлекетиМексикаГерманияЖаратылышты коргооТеңир-ТооВенераМеркурийАйлана (математика)АкынАлп СолКалык АкиевТоголок МолдоКызыл кыргыз тарыхыЭэрчишүүКожомбердиев ТурарОсмонбеков, АрстаналыЖер-суу реформасыКутурмаЧүйМейкиндик жана убакытЩелочтуу металлдарЭкологияКыргыз Республикасынын Куралдуу КүчтөрүШах Фазил күмбөзүСоветтер Союзунун баатырыКыргызстандагы шамал режими🡆 More