Мария Стюарт

Мария Стюарт (8.

12. 1542, Шотландия, Линлитгоу – 8. 2. 1587, Англия, Нортгемптоншир графтыгы, Фотерингей сарайы, сөөгү Вестминстер аббатчылыгына коюлган) – 1542–67-жылдары (иш жүзүндө 1561-жылдан) Шотландия королевасы. Стюарттар династиясынан Шотландия королу Якоб Vнин кызы. Атасы өлгөн соң (1942), такка отурган (1943). 1548–61-жылдары Францияда жашаган, 1558-жылы француз дофини келечектеги король Францискге күйөөгө чыккан. 1559–60-жылдары Юраев Франциск IIнин жубайы катары Франция королевасы болгон. Жесир калгандан кийин 1561-жылы Шотландияга кайтып келип, ошол эле кезде католик ак сөөктөрүнүн колдоосу боюнча англиялык тактыга (Генрих VII королунун чөбөрөсү катары) талапкер болгон. Шотландиядагы Англия колдоп турган протестантизмге расмий түрдө жол бергени менен Мария Стюарт католиктерге колдоо көрсөтүп, Римдеги папа менен байланыштарын үзгөн эмес. Экинчи күйөөсү – лорд Дарнлини өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүп, 1567-жылы тактыны өзүнүн уулуна (шотландиялык король Яков VI; 1603-жылдан Англия королу Яков I) өткөрүп берип, шотландиялык кальвинчилер тарабынан куулуп, Англияга качкан. Мария Стюарт Англия Королевасы Елизавета Iге каршы бир нече жолу кутум уюштурууга катышкандыгы үчүн Елизавета I тарабынан түрмөгө камалган жана Фотерингей сарайында өлтүрүлгөн. Шиллердин «Мария Стюарт» трагедиясы, Гаэтано Доницетти менен Сергей Слонимскийдин «Мария Сюарт» операсында анын образы идеалдаштырылган.

Мария Стюарт

Колдонулган адабияттар

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

I Will Always Love YouГрек тилиШалФиникияНасирдин ИсановАрхаизмЖакыпНорвегияНарын дарыясыГастритЭфирлерМал чарбачылыкШатман СадыбакасовӨмүр баянКыргыз элдик оозеки чыгармаларЧубак (баатыр)Узак жолТаттыбүбү ТурсунбаеваАрызЧүйКыргыз тилиТабигый кырсыктарЖарамазанТоо-кен өнөр жайыМугалимдин компетенттүүлүгү деген эмне?ФилософияЫсык-КөлЖетимишев СейитМуун (лингвистика)Алп СолФосфорАбсамат МасалиевТоолор кулагандаБишкекБирдиктер системасыИчки Теңир-ТооГезитКаныккан углеводороддорМакалаЧабалекейлерЖөндөмө категориясыИскусствоГенетикаВитаминдерЖыланДем алуу системасынын оорулары жана аларды алдын алууКыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2002 ж. редакциясыМолдо Нияз Эрназар уулуСоциологияЖусуп МамайГеографияҮнсүз тыбыштарТезисБ.Жакиевдин Атанын тагдыры драмасындагы көркөм образдарТурусбеков ЖусупТуберкулёзОсмонов, АсанкулИлептүү сүйлөмАндронов маданиятыСак цивилизациясыКылмышПрофессионал кыргыз адабияты жана «Манас».Өпкөнүн сезгенишиФразеологизмдерКүрөшЧоң казатКартаКызамыкӨзгөнБайдылда СарногоевҮндөштүкБийликАба (атмосфера)Исхак Раззаков“Алтын кыз” (драма)Антон МакаренкоТүндүк АмерикаГлюкоза🡆 More