Майя жазуусу - майя индейлеринин жазуусу.
Азыркы Мексиканын (Юкатан жарым аралы), Гватемаланын, Гондурастын аймагында жашаган индейлерге тиешелүү. Биздин замандын алгачкы кылымдарынан бери белгилүү. 16-кылымда испан чиркөөсү тыюу салганга чейин колдонулган. Андан үч чоң кол жазма, ташка жана карапага түшүрүлгөн көптөгөн жазуулар сакталып калган. Майя жазуусу кайсы түрдөгү жазууга кирээри жөнүндө адистердин пикири ар башка. америкалык окумуштуу Э. Томпсондун пикири боюнча майя жазуусу – накта идеографиялык мүнөздөгү жазуу, ошон үчүн фонетикалык жол менен окуу мүмкүн эмес. Ал эми француз окумуштуусу Л. де Рони жана америкалык окумуштуулар С. Томас жана Б. Уорфтар баштаган изилдөөлөрдү уланткан, ошондой эле белгилүү лингвист Ю. В. Кнорозов майя жазуусу идеографиялык, фонетикалык белгилерден жана детерминаттардан (иероглифтердин маанилерин ажыратуучу кошумча белгилерден) турарын көрсөткөн. Бирок майя жазуусундагы кол жазмаларды окуп чыгуу жана түшүнүү толук ишке аша элек.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Майя жазуусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.