Кыргыз Кино Музыкасы

Кыргыз кино музыкасы — Ар бир тартылган фильмдин мазмунун тереңдетүүдө, жалпы сюжетти органикалык түрдө байланыштырууда, көркөм образдарын ачууда, драмалык окуяларды эмоционалдуу айкындоодо, талаш-тартыштарды курчутууда, каармандардын рухий жандүйнөлөрүн, кулк-мүнөздөрүн ачууда музыка башкы ролду ойнойт.

Кыргыздын профессионалдык кино музыкасынын төрөлүшүнө хроникалуу - документ чакан фильмдер уютку болгон.

  • 1920-ж. Кыргызстандын аймагында режиссёр А. Терский этнографиялык,
  • 1923- ж. экспедициянын жетекчиси проф. Н. Корженский бийик тоолуу кыргыз жеринен тунгуч документтүү сюжетти, режиссёр В. Полевой «Kapa өлүм», «Кыргаз талаасында» маданий фильмди,
  • 1927-ж. режиссёр Фрелха толук метраждуу «Чүмбөттөлгөн араба» аттуу көркөм фильмди,
  • 1928-ж. режиссёр В. Шнейдеров тунгуч «Тоодогу өлүм» деген илимий-экспедициялык,
  • 1936-ж. режиссёр Г. Сатарова биринчи жолу «Кыргызстан» документ фильмди,
  • 1937-ж. режиссёр Ю. Васильчиков «Айгүл» аттуу балдар үчүн фильмди тарткан.
  • 1940-жылдан баштап «Советтик Кыргызстан» («Советская Киргизия») киножурналы көрүүчүлөргө тартууланган.

Бул фильмдерге музыка компилация жолу менен жасалгалоочу, көркөмдөөчү каражат катары пайдаланылган.

1942-ж. Фрунзеде кинохроника студиясы ачылган. Режиссёр Г. Раппапорт «Манас» эпосу боюнча «Манастын уулу Семетей» аттуу көркөм фильмди (бүтпөй калган), режиссёр М. Слуцкий толук метраждуу «Кыргызстан жөнүндө ыр» (1946), режиссёр И. Гутман «Достуктун чокусу» аттуу туңгуч түстүү документ фильмдерди тарткан.

Алардын айрымдарына орустун жана чет өлкөлүк классиктердин ар кыл жанрдагы музыкалары пайдаланылган. «Кыргызфильм» киностудиясы тарткан «Бийик жерде», «Советская Киргизия», «Суусамыр өрөөнүндө», «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн», «Ырдын терөлүшү», «Улуу эпос», «Манасчы», «Кумдагы кулпу», «Бак», «Мурао», «Нарын күндөлүгү» ж. б. документ фильмдердин музыкаларын композиторлор В. Власов, В. Фере, А. Түлөев, А. Малдыбаев, Н. Давлесов, С. Медетов, Т. Эрматов, М. Марутаев, А. Волконский, Ю. Шеин, А. жана К. Геворкяндар, Ш. Каллош, Б. Абдыраимов жазышкан.

Ал эми 50-жылдардын экинчи жарымынан тартып тартылган «Салтанат», «Менин жаңылыштыгым», «Алыскы тоолордо», «Муз жүрөк жөнүндө баян», «Токтогул», «Чолпон» көркөм фильмдердин музыкасын А. Хачатурян, А. Зацепин, А. Аманбаев (А. Малдыбаев менен биргелешип), М. Раухвергер жазган.

60-жылдары тартылган «Ашуу», «Тянь-Шандык кыз», «Космонавттар көчөсү», «Жоро», «Биринчи мугалим», «Саманчы жолу», «Бакайдынжайыты», «Караш-Караш окуясы» ж. б. көркөм фильмдердин музыкасын Ю. Левитин, Н. Крюков, Р. Леденев, В. Кончаков, Е. Брусиловский, В. Овчинников, Ю. Саульский, Ю. Шелин, Т. Эрматов, Д. Тер-Татевосян жазса, 70-жылдары көрүүчүлөргө тартууланган «Буктурма», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Отко таазим», «Көчө», «Кызыл алма», «Көк серек», «Шаркыратма», «Айсулуунун талаасы», «Ак кеме», «Улан», «Каныбек» ж. б. көркөм фильмдердин музыкаларын композиторлор Ю. Шеин, М. Марутаев, Т. Эрматов, Б. Макеев, Д. Тер-Татевосян, К. Молдобасанов, А. Шнитке, Р. Вильданов. А. Кнайфель ж. б. жазышкан.

1980-ж. тартылган «Алтын кыз», «Он үчүнчү небере», «Биринчи», «Ак илбирстин тукуму», «Дилетант» ж. б. ондогон көркөм фильмдердин музыкаларын кыргыз композиторлору Т. Эрматов, М. Бегалиев, Б. Абдыраимов, С. Осмонов, орус композиторлору Ш. Каллош, Р. Вильданов, А. Георгиев, А. Журбин, В. Лебедев, И. Кантюков, В. Сумарков, В. Кисин, И. Кефалиди, О. Янченко ж. б. жазышты.

Ал эми 70-жылдардын аягында 80-жылдардын башыңда «Кыргызфильм» студиясы тарткан кыргыздын «Сандардын чатагы», «Меке чал менен Kapa дөө», «Эки бөжөк», «Акын», «Сүрөт» ж. б. мультфильмдердин музыкаларын Б. Жандаров, Б. Абдыраимов, Ж. Малдыбаева, Э. Олах, М. Бегалиев жазышкан.

«Кыргызтелефильм» студиясында 60-80-ж. тартылган «Ак Мөөр», «Алымкан», «Эски тегирмен», «Бурма», «Күндүү арал», «Арман» ж. б. фильмдердин музыкалары москвалык Ю. Шеин, Ш. Каллош, В. Сумарков, В. Кисин жана жергиликтүү кыргыз композиторлору Э. Жумабаев, Ж. Малдыбаева, Т. Казаков, Б. Глухов, Б. Макеев тарабынан жазылган.

Колдонулган адабияттар

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.

Tags:

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

ЮпитерЖалпылагыч категорияХристиан диниНарын облусуХунУрманбетов КыялбекТекст«Манасчылар»БразилияЖалал-АбадАфрикаКыргызстан тарыхыТүрдүн пайда болушуМухаммед кыргызЖамийла (повесть)Даван мамлекетиМанас эпосунун өзөктүк окуяларыКөмүр кендериКөбөйүүКыргызстан климатынын бийиктик алкактары жана региондор боюнча өзгөчөлүктөрүТиричиликАнтивирустук программаУкукОш облусуТаандык байланышТүштүк-Африка РеспубликасыСөздүн маанисиБиосфераӨт ооруларыМанастын күмбөзүЭнесай кыргыздарыМуңгушНасирдин ИсановЭлектр тогуКиринди сөзТүгөлбай СыдыкбековЫсык-Көл облусуКыргызстандагы мөңгүлөрдүн таралышыЭлдик медицинаКеп маданиятыКушчу (уруу)Адам укуктарыБиринчи майБайыркы РимТерроризмЖакшылыков АсанКөмүртекЖылкы породаларыИлимий техникалык прогрессКыргыз сүрөт өнөрүКыргызстандагы металлдарКара-Суу районуУсунМамлекеттик тилЖусуп АбдрахмановОрганизмЖер-суу реформаларыАт-Башы районуИоганн Себастьян БахИманалиев Элмирбек КалиловичБийиктик алкактуулугуГенетикаАбанын булганышыМаститЭгемберди ЭрматовКалай кен таштарыБайдылда СарногоевОмонимКыргызстандын чек араларыЛинзаТажикстанДүйнө өлкөлөрүИнсанЧыйырдыЖөтөлЖыл сүрүү жадыбалыХимиялык элемент🡆 More