Кылкандуу балыктар (лат.
Скелети (омуртка тутуму, кабыргалары) толук сөөккө айланган. узундугу 1 смден 5 мге чейин жетет. Денеси сөөктүү түрпү менен капталган, кээ биринде түрпүсү жок. Сүзгүчтөрү курсагында, көкүрөгүндө же мойнунда жайгашкан. Сүзгүч канаттары тикендүү. Арткы жана заара-жыныс тешиги курсак сүзгүчтөрүнүн артында жайгашкан. Сүзгүч ыйлаакчасы демейдегидей, толтосу кеңейген. Кылкандуу балыктардын 33 түркүмү, 420 тукуму, 20 миңдей түрү Жер шарынын бардык деңиз жана туссуз сууларында жашайт. Айрым жыныстуу, кээ бирлери гана гермафродиттер. Уруктануусу көбүнчө сыртта жүрөт, жумуртка (икра) таштайт. Кээси тирүү тууйт (ганбузия жана башка).
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кылкандуу балыктар, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.