Крит-Микен Маданияты

Крит-микен маданияты – б.

з. ч. 3–2-миң жылдыктарда Критте, Эгей архипелагында жана материктик Грекияда жашаган уруулардын маданиятынын шарттуу аталышы. Криттин б. з. ч. 3 – 2миң жылдыктагы тарыхын 20-кылымдын башында англиялык археолог Эванс алгачкы миной (3000–2200), ортонку миной (2200–1600) жана соңку миной (1600–1200) деп, 3 мезгилге бөлүүнү сунуш кылган. Алгачкы миной маданиятына энеолитке өтүү, жез куралды пайдалануу (болжол менен 2600-жылдан), турак жайдын пайда болушу, мал чарбасынын таралышы жана деңизде сүзүүнүн өнүгүшү мүнөздүү. Бул мезгилде уруулук түзүлүш бузула баштаган. Ортонку миной мезгилинде (2000-жылга жакын) айрым илимпоздордун пикирине караганда ассириялык Саргондун аскерлери Критти басып алышына каршы күрөштүн натыйжасында борбору Кносс болгон Крит мамлекети түзүлгөн. Зор жана кооз Кносс двореци анын күч-кубатын далилдейт. Бул убакта Критте пиктографиялык жазуу кеңири таралган. Соңку миной убагында б. з. ч. 1400-жылдагы күчтүү жер титирөөдөн Кносс двореци талкаланып, Эгей менен Жер Ортолук деңиздин чыгышында бийлик микендерге өткөн. Микен маданиятына дубалы көркөмдөлүп тургузулган падыша дворецтери мүнөздүү. Анын гүлдөгөн мезгили 16–13-кылымдарга таандык. Мында борборлошкон күчтүү бийлик өкүм сүргөндүгүн Пелопоннестин түрдүү аймагындагы, ал тургай Борбордук Грекияны Микен менен байланыштырган кыйма-чийме жолдор далилдейт. Б. з. ч. 13-кылымдын аягында Микен маданияты төмөндөй баштаган, курулуш токтоп, тышкы байланыш начарлаган. Ал Троя согушунун натыйжасы болушу ыктымал. Мындан тышкары б. з. ч. 12-кылымда Микенге басып кирген дорийлер дворецтерди талкалап, алгач пайда болгон кул ээлөөчүлүк Крит-Микен мамлекетин жок кылган.

Колдонулган адабияттар

Tags:

ГрекияКритТроя согушу

🔥 Trending searches on Wiki Кыргызча:

Алаш (партия)Мамлекеттик башкарууСузак районуАбанын булганышыКөп маанилүү сөздөрЖарамазанАнтисептикаМанас КүмбөзүКыргыз аттарыОш коогалаңы (1990)Сөөк системасыКызамыкКөзМанкуртКалпакТиричиликтин пайда болушуАз кандуулукОордук күчЖер көчкүКатарCookieОрфоэпияМарсЭркин-ТооБашкаруу байланышыКара-Суу районуМанас эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптарыРынок экономикасыСалам айтуу, кол берүүБилимГеографияБир клеткалуу организмдерФевраль революциясы (1917)Массалык жабыркатуучу куралдан коргооПадышалык Орусиянын Кыргызстандагы колониялык саясатыСүрөАнгинаКуйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу)Аскар АкаевБөрү жатышМанасКалай кен таштарыАдабиятЧүй өрөөнүКыргыз элинин көркөм өнөрчүлүгүКөбөйүүРысбай АбдыкадыровГаздардагы электр разрядыТоо-кен өнөр жайыАянты боюнча көз карандысыз мамлекеттердин тизмесиКадамжай районуБарпы Алыкул уулуПланетаБарсбек каганИчки Теңир-ТооКыргыз автономиялуу облусуМитозАдабий тилКыргызстан сымап кендериЭлементтер мезгилдик системасыКамсыздандырууКитептин тарыхыТестРиторика.Риторика илими.Манас эпосунун өзөктүк окуяларыПублицистикаКомпьютерСүйүнбай ЭралиевТүрк кагандыгыБаңгиликКосмосӨгөй эне-өз энеХристиан диниКурманжан ДаткаГлобалдык экологиялык проблемаларТүштүк-Чыгыш АзияТаң алдында (роман)🡆 More