Конакри – Гвинея Республикасынын борбору.
Административдик жактан өзгөчө зонага бөлүнгөн. Өлкөнүн батыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде, Томбо аралында (материк менен дамба аркылуу байланышат) жана Калум жарым аралында жайгашкан. Калкы 1,8 млн (2008). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. Шаар 1884-ж. француздар тарабынан негизделген. 1895–1958-жылдары Француздук Гвинеянын, 1958-жылдан көз каранды эмес Гвинея Республикасынын административдик борбору. Учурда өлкөдөгү ири шаар жана негизги порт (дээрлик сырткы соода жүргүзүлөт). Конакри – Гвинеянын ири өнөр-жай борбору. Тамак-аш (анын ичинде жемиш ширелери жана суусундуктар, консервалар, өсүмдүк майлары, пиво), химиялык (ацетилен, пластмасса буюмдары), текстиль, жыгаччылык, эмерек, тамеки өнөр-жай ишканалары, кыш заводу иштейт. Университет, политехникалык институт (Батыш Африкадагы эң ири), улуттук китепкана, улуттук музей (экспонаттардын бай коллекциясы), улуттук искусство мектеби (19б6) бар. Конакриде 1970-жылдан улуттук фестивалдар (искусство жана маданий) өткөрүлүп турат. Шаарга жакын жерден темир, боксит жана гранит казылып алынат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Конакри, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.