Кашкадарыя, Кашка-Дарыя облусу (вилоя́т, өзб.
Административдик борбору — Каршы шаары.
Административдик борбор | |
---|---|
Б.ири шаары | • Шахрисабз |
Облус акими | Рузиев Зафар Шаропович |
Расмий тили | |
Калкы | 2 722 900 |
Жыштыгы | 95,88 адам/км² |
Аянты | 28 400 км² (6- орунда) |
Убакыт аралыгы | |
Аббревиатурасы | UZ-QA |
Коду ISO 3166-2 | UZ-QA |
Автоунаа номурунун коду | 18 (эски үлгүсү 1998—2008), |
Расмий сайты | |
1964-жылы 7-февралда уюшулган. Республиканын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 28,4 миң км2. Калкы 2,2 млн (2006).
Административдик-аймактык жактан 14 районго бөлүнөт. Кашка-Дарыя вилаети Памир-Алай тоо системасынын батышында, Кашка-Дарыянын алабында, деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктикте жайгашкан. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Карши, Нишан талаалары жана Сандык кумдуу чөлү ээлейт. Түндүк-чыгыш жана түштүк-чыгышында Заравшан, Ысар кырка тоолорунун тармактары жатат. Климаты кескин континенттик, кургак. Январдын Орточо температурасы –0°С,-июлдуку 31,5ПС. Жылдык жаан-чыны 200–250 мм, тоо этектеринде жана тоолордо 500 ммге чейин. Башкы дарыясы – Кашка-Дарыя, анын куймалары: Ак-Суу, Кызыл-Дарыя. Областын Түштүк бөлүгү кумдуу, такыр, шор жерлер кездешет. Тоолоруна бийиктик алкактуулук мүнөздүү. Кыртышы боз, күрөң жана тоошалбаа топурактуу. Чөлү өсүмдүктөргө жарды (негизинен эфемер, шыбак). Кашка-Дарыянын өрөөнүндө тал, терек, тоолорунда бадал, арча өсөт. Тоонун төмөнкү капталдары жайыт катары пайдаланылат. Калкынын негизин өзбектер (85%) түзүп, ошондой эле тажик, орус, татар, түркмөн жана башка улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км2ге 71 киши. Айыл калкы 73%. Шаарлары: Карши, Шахрисабз [бул шаарда Амир Тимур (Темирлан) туулган], Китаб, Касан, Мубарек, Яккабог, Гузар, Камаши. Өнөр жай негизинен курулуш материалдарын (темир-бетон конструкциялары, кыш, акиташ жана башка), тамак-аш (эт, сүт, нан, ун комбинаттары, консерва, шарап, май жана башка) өндүрүүгө адистешкен. Ошондой эле жеңил өнөр жай (пахта тазалоочу завод, тигүү жана башка) да иштейт. Газ да өндүрүлөт. Көркөм кол өнөрчүлүк (топуга сайма саюу, килем токуу жана башка) жана жибекчилик өнүккөн. 1960-жылдан Мубарек газ-нефть кени өндүрүлө баштаган. Мубаректен өндүрүлгөн газ Ташкент – Бишкек – Алматы газ кууруна кошулат. Кашка-Дарыя вилаетинин айыл чарбасында дыйканчылык менен мал багуу (анын ичинде каракүл кою) өнүккөн. Ири өнөр жай ишканалары: «Мубарекнефтгаз» жана «Шуртаннефтгаз» ААК. Темир жолунун узундугу 350 км, автомобилдики 30 миң кмдей. Облустун аймагында Кызыл-Суу жана Мираки коруктары уюшулган.
Облус 12 административдик районго(туман) бөлүнөт:
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Кашкадарыя облусу, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.