Карлсруэ – Германиянын түштүк-батышындагы шаар.
Баден-Бюртемберг жеринде (административдик-аймактык бирдик). Франциянын чек арасына жакын, Рейн дарыясынан 7 км чыгышта жайгашкан. Калкы 287,3 миң (2008); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча 3-орунда. Ири жол тоому. Дарыя порту (жылына 7,1 млн тонна жүк ташылат). Карлсруэ порт комплекси 5 гаванды камтыйт. Аэропорту бар. Шаар 1715-жылы маркграф тарабынан негизделген. Чиркөөлөр, монета двору, сүрөт галереясы, ратуша, Кунстхалленин имараты, башкы почта жана башка сакталган. Карлсруэ – өлкөнүн маданий, илимий жана билимдин маанилүү борбору. Илим изилдөө институттары, университеттер, институттар, мамлекеттик жогорку музыкалык мектеп, сүрөт галереясы, театрлар, музейлер, архив жана башка бар. Шаарда ири компаниялардын штаб-квартиралары, концерндер жайгашкан. Машина куруу (анын ичинде станок, вагон, локомотив, автомобиль, оор машина, электр-техникалык, радио электроника, прибор жана башка) өнөр жай өнүккөн. Аскер өндүрүшү (негизинен атылма куралдар, ок-дары), нефть ажыратуу [Карлсруэ – Германиядагы эң маанилүү нефть иштетүүчү борбор; шаардагы «MiRO» ишканасы Европадагы эң ири ишкана (жылына 15 млн тонна нефть өндүрөт)], химиялык (пластмасса, жасалма каучук, резина-техникалык жана башка), фармацевтика, косметика, целлюлоза-кагаз, тамак-аш, тамеки, полиграфиялык, эмерек, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Эл аралык фестивалдар жана дүйнөлүк спорт оюндары, көргөзмөлөр, жармаңкелер өткөрүлүп турат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Карлсруэ, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.