Караганды – Казакстандагы шаар (1934-жылдан).
Караганды Облусунун административдик борбору. Казак Сары-Аркасынын Борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 429,2 миң (2008); калкынын саны жана чоңдугу боюнча 4-шаар (Алматы, Астана, Чымкенттен кийин). Жол тоому. Темир жол станциясы. Эл аралык аэропорту бар.
Шаар 19-кылымда Караганды көмүр бассейнинин ачылышына байланыштуу анын борборунда шахтёрлор отурукташкан жер катары негизделген. 1931-жылы шаарча статусун алган. 1934-жылдан шаар, 193б-жылдан облус борбору. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдеги көмүр казып алуунун ири борборуна айланган. 1930–50-жылдарда түзөтүү-эмгек лагери болгон. Өнөр жайынын башкы тармагы – көмүр казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). Каргандыда «Караганда көмүр» бирикмесинин штаб-квартирасы жайгашкан. Тоо-шахта жабдуулар өндүрүшү, машина куруу, электр-техникалык, жеңил жана тамак-аш, полиграфиялык. өнөр жай ишканалары, музыкалык аспаптар өндүрүшү жана ГРЭС иштейт. Казакстан Илимдер академиясынын бөлүмү (бир нече Илим изилдөө институтун камтыйт), 15 жогорку окуу жай (анын ичинде мамлекеттик университеттер), китепканалар, край таануу музейи, 3 театр (анын ичинде казак, орус драма), филармония, цирк бар. Ботаникалык бак уюшулган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Караганды, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.