Жерминаль (фр. Germinal) - 20 томдон турган Эмиль Золянын Ругон-Маккарлар (фр.
Les Rougon-Macquart) китеп сериясынын он үчүнчү романы. Француз салтынын эң белгилүү романдарынын бири болуп, Золянын шедевры катары саналган "Жерминаль", 1860-жылдары түндүк Францияда орун алган шахтерлордун ишташтоосуунун катаал жана чындык окуялары чагылдырылат. Роман башка тилдерге которулуп, жүздөгөн өлкөлөрдө басылып чыгат, ошондой эле, роман боюнча беш адаптацияланган тасма жана эки телевизиондук көргөзүү тартылган.
Жазуучу "Жерминаль" романын 1884-жылдын апрелинде баштап 1885-жылдын январында бүтүргөн. Китептин сериялары 1884-жылдын ноябрь жана 1885-жылдын февраль мезгил аралыгында Gil Blas журналында жарык көрөт, 1885-жылдын март айында роман китеп түрүндө басылып чыгат.
Романдын аталышы (айтылганы боюнча [ʒɛʁminal]) француз республикачыл жылсанагынын жаз айына тийиштүү. "Germen" сөзү Латын тилинен келип, "урук" дегенди билдирет. Романда шахтерлордун арасында уруктай себилип кеткен үмүттөрдүн пайда болушу баяндалат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жерминаль, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.