Жарандык же атуулдук ― адамдын белгилүү бир мамлекет менен туруктуу укуктук байланышы.
Ал мамлекет менен анын бийлиги астында турган жактын ортосундагы өзара мамиледен улам ачык көрүнөт; мамлекет адам укугу менен эркиндигин тааныйт жана кепилдик берет, чет өлкөгө чыкканда анын кызыкчылыгын коргойт; ошол эле учурда, жаран дагы мамлекет мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз сактайт, ал тарабынан белгиленген милдеттерди аткарат. Мына ошондой укуктар менен милдеттердин жыйындысы жарандардын чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардан айырмалаган саясий-укуктук макамын түзөт.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Жарандык, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.