Евтушенко Евгений Александрович – орус акыны, жазуучусу.
7. 1933-ж. туулган, Россия, Иркутск облусу, Зима станциясы (азыр шаар)] – орус акыны, жазуучусу. 1951–54-ж. Москвадагы Адабият институтунда окуган. Чыгармалары 1949-жылдан жарыялана баштаган. «Болочок чалгынчылар» аттуу туңгуч ырлар жыйнагы 1952-ж. жарык көргөн. «Үчүнчү кар» (1955), «Убада» (1957), «Ар жылдагы ырлар» (1959), «Энтузиасттар шоссеси» (1956), «Махабат лирикасы» (1973), «Менин энем жана нейтрон бомбасы» (1982; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1984), «Граждандар мени уккула...» (1989), «XXI кылымдын ырлары» (2006) жана башка 40тан ашуун ыр жыйнагы бар. Анын лирикаларында адамгерчилик жана эл аралык, саясий маселелер козголот. «Ардабиола» (1981) фантастикалык повести, «Жемиш жери» (1981), «Менден мурда өлбө» (1994) жана башка романдары, мемуарлары, аңгемелери жана башка бар. Анын сценарийи боюнча «Бала бакча» (1984), «Сталинди акыркы сапарга узатуу» (1990) аттуу фильмдер тартылган. Чыгармалары чет тилдерге, бир катар ырлары, поэмалары Ж. Султаналиев, Р. Рыскулов, Б. Карагулов, Т. Арыков тарабынан кыргыз тилине которулган.
“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Евтушенко Евгений Александрович, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.