Дрезден – Германиядагы шаар.
Эльба дарыясынын боюнда. Саксония жеринин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-техника, радиоэлектроника), кино жана фотооптика, химия-фармацевтика препараттары, полиграфия, трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал өнөр жай ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Техникалык университет, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт галереясы бар. Туризм өнүккөн.
Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королдугунун борбору. 15–18-кылымдын архитектура эстеликтери: сепил-сарай (15-кылым), барокко стилиндеги–Цвингер (1711–22) жана Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор жана айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Дрезден, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.