Баштерек көмүр кени Ош облусунун Өзгөн районунда, Өзгөн шаарынан 45 км чыгышта, Жазы суусунун сол өйүзүндө.
1945-ж. алгачкы геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагында юра мезгилинин калыңдыгы 500 мге чейинки чөкмө тектери жатат. Алар бүктөлүүлөргө дуушарланып синклиналдык түзүлүштү пайда кылган. Көмүрдүн эки катмары юранын чопо, кумдук, гравелит жана алевролит тектеринин арасында жайгашкан. Калыңдыгы 0,40–3,50 м. Көмүр орто күлдүү (16%), коксталат.
This article uses material from the Wikipedia Кыргызча article Баштерек көмүр кени, which is released under the Creative Commons Attribution-ShareAlike 3.0 license ("CC BY-SA 3.0"); additional terms may apply (view authors). Башкача белгиленбесе, мазмун CC BY-SA 4.0 лицензиясына ылайык жеткиликтүү. Images, videos and audio are available under their respective licenses.
®Wikipedia is a registered trademark of the Wiki Foundation, Inc. Wiki Кыргызча (DUHOCTRUNGQUOC.VN) is an independent company and has no affiliation with Wiki Foundation.